Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

30-31-августта Ош шаарында XVI Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышы өтөт

07.08.2023 17:27
1264
30-31-августта Ош шаарында XVI Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышы өтөт


30-31-августта Ош шаарында өтө турган XVI Эл аралык кыргыз-казак кош байге айтышынын тандоо туру өтүп, 8 төкмө акын тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтыш Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана алгачкы агартуучу, ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулуну 200 жылдыгына арналып уюштурулууда. Тандоо турунан төмөнку төкмө акындар тандалып алынды:

1. Азамат Болгонбаев 70 упай;
2. Кубат Тукешов 70 упай;
3. Кутман Садыбакасов 70 упай;
4. Акмат Султан уулу - 69 упай;
5. Асылбек Маратов - 69 упай;
6. Баян Акматов - 69 упай;
7. Изат Айдаркулова - 69 упай;
8. Чыңгызхан Кожошов 68 упай.

Жалпысынан республика боюнча тандоо туруна 37 төкмө акын катышты. Чыңгызхан Кожошов, Тынарбек Бураев жана Элмирбек Иманалиевтердин упайлары тең чыгып, айтыштын жобосу боюнча жашы улуусу кийинки турга жолдомо алды.

Белгиленгендей, айтыш 30-31-августта С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Казакстан, Өзбекстан, Монголиядан келген акындардын катышуусунда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн