Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Гүлбурак изделүүдө

11.03.2020 11:52
1127
4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы Гүлбурак изделүүдө


4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы  Таласбек кызы Гүлбурак  изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык дайынсыз болуп жаткан кыздын жакындары милиция бөлүмүнө  7-мартта Осмонкулов көчөсүндө жайгашкан жумушунан чыккан боюнча кайрылып келбеген  Таласбек кызы Гүлбуракты табууга жардам сурап кайрылышкан.  


Учурда изделип жаткан кыздын кайда экени белгисиз.


Өзгөчө белгилери: бою  158-160 см, чачы кыска күрөң түстө. Ошол күнү кышкы сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым, бутунда ак спорттук бут кийим болгон.

Аны көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы барлар 0553 102387, 0703 222622, 0702 498888,0772 847336 же 102 кызматына байланышып коюну ИИББ өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн