Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

50 млн сом жумшалган Оштогу жаңы оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?

22.09.2020 16:41
879
50 млн сом жумшалган Оштогу жаңы оорукананын курулушу кандай жүрүүдө?


Ош шаарындагы тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасындагы курулуш иштери 48%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу оорукананын курулушу "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" каржылоосу менен 25-июлда башталган.

"Учурда буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын эски имаратынын бузуу иштери аткарылып, жаңы имараттын пайдубалы, темир конструктивдик фермалар жана устундар орнотулду. Ошондой эле ички жылытуу системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Азыркы тапта ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу, терезелерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан оорукананын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн