Луврдагы тоноо фактысы боюнча эки киши кармалган. Француз маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн бири ишемби күнү кечки саат 22:00 чамасында Париж-Шарль де Голль аэропортунда эл аралык каттам үчүн учакка отурган жеринен кармалган. Экинчиси көп өтпөй борбор калаанын чет жакасынан кармалган.
Бул кишилер Париждин четиндеги Сен-Сен-Дениден болушкан. Алар буга чейин милициянын назарына түшкөн. Учурда алардын өздүгү белгисиз.
Эске салсак, тоноо 19-октябрда таңга жуук болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн