Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

77 млн сом бөлүнгөн Жалал-Абаддагы жаңы оорукананын курулушу ноябрда бүтөт

25.09.2020 18:01
820
77 млн сом бөлүнгөн Жалал-Абаддагы жаңы оорукананын курулушу ноябрда бүтөт


Жалал-Абад шаарындагы 100 орунга ылайыкталган Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу 33%га даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча башталган, анын наркы 77,1 млн сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан фундаменттин курулушу, кирпич дубалдардын курулушу, полго плиталардын орнотулушу боюнча иштер аткарылды. Учурда чатырды орнотуу иштери жүрүп жатат, ошол эле учурда электромонтаждык иштери, ички бөлүктөрдү орнотуу, дубалдын ички жана тышкы шыбактарын, пол устундарын, терезе блокторун орнотуу жана сырткы жылуулоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан курулушка 50 миллион сом каржыланган. Объекттин курулушун ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн