Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

8-апрель: Тартип бузган 92 жаран кармалды

08.04.2020 09:47
677
8-апрель: Тартип бузган 92 жаран кармалды


Бүгүн, 8-апрелге карата республиканын өзгөчө абал аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 92 жаран жеткирилди, деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.


Алардын ичинде:

Бишкек шаары боюнча - 58,

Ош шаары боюнча - 5,

Жалал-Абад шаары - 12,

Сузак районунда - 15,

Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.


ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Өлкөнүн жана өзүбүздүн коопсуздугубуз өз колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар”, - деп эскертет комендатура

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн