Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

АКШда коронавирус жуктуруп алгандар 2 миллиондон ашты

11.06.2020 12:05
1473
АКШда коронавирус жуктуруп алгандар 2 миллиондон ашты


АКШда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, дартка чалдыккандардын жалпы саны 2 000 464 адамга жетип, 112 908 бейтап көз жумса, 533 504 киши оорудан айыккан.


Ошол эле учурда вирусту дүйнөдө 7 360 239 киши жуктуруп, дарттан айыккандар 3 454 807 кишиге жетип, оорудан 416 201 бейтап каза болгон.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн