Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абакта Арстанбек Абдылдаевдин жансыз денеси табылганы айтылууда

Абакта Арстанбек Абдылдаевдин жансыз денеси табылганы айтылууда


Бүгүн, 5-январда Жазаларды аткаруу кызматынын 31 колониясынын камерасынан Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) жансыз денеси табылды. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.


Анын айтымында, анча оор эмес кылмыш үчүн тергөөчү ишти УКМКнын тергөө абагында тергеп жатканы менен №1 СИЗОго камоону суранган. Ал эми Октябрь сотунун тергөө судьясы Кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларын бузуу менен Арстан Алайды убактылуу кармоочу жайга киргизген.


«Бул менин кардарымдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча СИЗОнун жетекчилигине бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай болду. Эмнеге, кимдин көрсөтмөсү менен, качан 31 колонияга которулганы бизге белгисиз. Бир сөз менен айтканда, укук коргоо органдарынын, тергөө органдарынын, соттордун, Жазаларды аткаруу кызматынын мыйзамсыз аракеттери адамдын өлүмүнө алып келди. Биз Башкы прокуратуранын жетекчилигинен бардык күнөөлүү чиновниктерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранабыз», — деп жазган Кайсын Абакиров.


Эске сала кетсек, буга чейин УКМК Арстан Алай диний кастыкты козуткан кылмышка шектелип кармалганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн