Теке 03, 2025
Убакыт: 18:47
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Алимбек датка чынында Коконго хандык кылган...”

02.07.2025 14:35
44
Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Алимбек датка чынында Коконго хандык кылган...”

Абдыкерим Муратов тарыхый-биографиялык мазмунда үч романын жазып, алар басылып чыгып, окурмандардын кызыгуусуна арзыды. Биринчи романы «Сунулган баш... суурулган кылыч...» деп аталып, 1917-1920-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү «басмачылык» кыймыл, ал кыймылдын пайда болушу, алардын лашкер башчысы Мадаминбек Акматбаев тууралуу болсо, «Жылдыздар тараган таңдар» деген экинчи романы биринчи дүйнөлүк согушта орус армиясынын контрчалгын кызматында иштеген, кийин ак гвардиячылар тарабында жүрүп, анан большевиктерге өтүп, кыргыз атчандар аскерлеринин командири болуп жүрүп, жаракат алган соң Орто Азияда бир катар жылкы зоотторун, атмайдандарын уюштурган Сулайман Күчүков тууралуу. Бул үчүнчү романы болсо кыргыз тарыхындагы Кокон хандыгы деп аталган мезгил тилкесиндеги унутулгус инсан Алимбек датка жөнүндө. Анда автор менен ушул чыгарманын тегерегинде сөз козгосок...  


- Сиз романыңызды «Алимбек датканын арманы» деп атапсыз, а биз болсо Алымбек датка деп көнгөнбүз. Эмне үчүн сиздин каарманыңыздын ысымынын бир тамгасы бөлөк?


- Мен тарыхый булактарды дыкат карадым. Өзүңүз билесиз, Зийабидин Максым, же бир катар булактарда айтылып жүргөндөй, Магзуни, Ноокаттын Жүлгө деген айылынан чыккан, уруусу төөлөс, ушул киши Кокондо жашап, хандыктын тарыхын хронологиялык тартипте жазып жүргөн. Ал жазып атканда биздин каармандын көзү тирүү, хандыкта кошо иштешкен, ошол жазуулары табылып, «Фергана хандарынын тарыхы» деген аталышта китеп болуп чыккан. Демек, бул датка тууралуу алгачкы булактардын бири. Зийабидин Максым кыргыз, өзбек, араб, фарсий тилдерин жана ошол элдердин салттарын да жакшы билген, ошол тилдерде жаза алган киши болгон. Ушул эмгекте «Алимбек кыргыз» деп атайт, «и» менен. Дагы бир «Тарих-и Түркстан» деген кол жазма эмгектин автору «1862-жылы 26-февралда Алимбек дадхох, Хидир Али, Мулла Алимкул, Худайназар ж.б. кыргыз-кыпчактар Малла ханды өлтүрүштү» деп жазганы бар. Лондондогу Королдуктун географиялык коомунун архивинен алынган жана 1871-жылы жазылып, кол жазма түрүндө сакталып келген «Visit to Kokand» деген эмгектин «Visit to the Alay steppe», б.а., кыргызчасы «Алай өрөөнүнө болгон саякат» деген жеринде «...ушул өрөөндө чоң кадыр-баркка ээ кыргыз аял Курманжан датка жашайт, ал белгилүү Алим датканын жесири» деген сүйлөмдөрү бар. Түбү англис, бирок өзү Орусияда жашаган Ю.А.Россель да 1878-жылы «Вѣстникъ Европы» журналынын №6-7 сандарына басылган «Turkistan. Notes of journey in Enssian Turkistan, Khokand, Buchara and Kuldga» («Түркстан. Орусиянын Түркстан, Кокон, Бухара, Кулжа жерлери тууралуу жол очерктери» деген эмгегинде 1832-жылы Кытай императору менен Кокон хандыгынын ортосундагы келишим түзүү үчүн Мадали хан эң ишенимдүү адамын Алим патчаны баш кылып жибергенин жазат. Бул Алим «падыша» деген сөз, ошол абдан маанилүү келишим түзүү үчүн Асан бий уулу Алимбек, азыркы тил менен айтканда, делегация башчысы болуп, Нүзүп миң башы колбашчы болуп барган, куду Манас колунан Алмамбет аскер баштап Бээжинди чаап алган окуясы кайталангандай. Ушул эле окуяны өзбек тарыхчысы, Кокон хандыгы мезгили боюнча чоң адис Б.Бабаджанов да белгилеп, Алим-пачча Мадалы хандын катын Кытай хаканына тапшырган дейт. Мына ушул баштапкы булактарда Алымбек эмес, Алимбек деп аталып турат. Анын зайыбы тууралуу көзү барда Молло Ныйаз ыр жазган, ошондо азыркы бизге окшотуп, «Курманжан» дебейт, «Курбанжан» дейт. Бул ысымдын теги «курбан айт», «курбан байрам», «курбандык» деп көп тилдеринде азыр да колдонулуп келген сөздөрдөн келип чыгат. Бул туура. Негизи экинчи бир жагы азыр да Ош, Алай кыргыздары жумшак үндүүлөрдү колдонот, мындагы проблема кыргыз алфавитине мындан бир кылымдай илгери айрым фонемалардын тамга менен белгиленбей калгандыгы, мисалы, эч ким сизди «Мамат ажы аке» дебейт, атайын символ-тамгасы жок, бирок жумшак фонема менен айтат, аъ, a‘, қ, ғ, o‘ дегендей тамгалар кабыл алынып калганда «Аълимбек», «Маъмаът аъжи аъкаъ» же “Мa‘мa‘т a‘жи a‘кa‘” (же башка бир эле тамга алып) деп сопсонун эле айтат элек, ошондо менин «Алимбек» деп жазганымы эч ким өгөйлөмөк эмес. Эртедир-кечтир биз кыргыз алфавитин өзгөртүүгө барабыз, ошондо тилибиз «сынбай», кыйла «жумшарат» деп ойлойм.


- Сиздин бул темага кайрылышыңызга эмне себеп болду? Тарых темасын жазуу оңбогондой кыйын иш эмеспи, неге дал ушул Алимбек датканы романыңызга өзөк кылып алдыңыз? 


- Он алты жашымда онунчу классты бүтүп, Ошко пединститутка тапшыргам, али кабыл алууга буйрук чыга электе эле август айын тең оодарып, Алайга чөпкө алып кетти. Жошолунун өйдө жагына Үч-Чат деген жерге пионер лагерге жайгаштык. Ошол жерден ары тоолорго чыгып чалгы чабабыз, чүмөлө кылабыз, тоборсугандарын машиналарга жүктөйбүз, жаныбызда дайым аксакал колхозчулар жүрүшөт, алар баш-көз болот, чалгыларыбызды чыңап берет, анан дем алып отура калганда санжыра, тарых сүйлөнөт, көп сөздөр Алимбек датка тууралуу уланат. Ошондо кызыкканмын, бул 1972-жылы эле. Анан 1-курсту бүтүп фольклордук-диалектологиялык практика дегенге барганбыз, дагы Алайга, Ак-Босого, Сопу-Коргон, Бүлөлүү, Кызыл-Коргон деген жерлерде жомокчулар, санжырачылар менен сүйлөшөбүз, алар эмне десе жазып алабыз, булардын да кебинин көзү Алимбек датка, Курбанжан датка тууралуу. Дагы кызыктым. Анан калса Алимбек датканын уруусу адигине, анын ичинен баргы, менин уруум да адигине, анын ичинен бөрү. Биздин Ноокатта да баргылар менен бөрүлөр карым-катышта жашашат, бул жерлерде да даткалар аъвлаътин көп сүйлөшчү. Мына ушул кептер кулакка бир кыйла сиңип калган экен, акыры муну жазууну, кийинки муундарга айтып берүү керектигин түшүндүм.


- Алимбек датканын насили, теги бүт эл башкарып келгендер болгонбу?


- Кыргыздар айтат эмеспи, «мунун тегинде бар», «мунун задиси мындай... тигиндей» деп. Алимбек он эки ата Баргыдан тарайт. Тилеке деген баатыр болгон, калмактарды сүрүп чыгууга катышкан, андан сегиз бек: Оболбек, Черикчи, Тарыхчы, Жамгырчы, Папан, Татар, Бүкүр, Ажибек. Ошолордун ичинен Ажибек (айрым булактарда Ходжи бек) абдан атактуу кол башчы жана эл башчы болгон. Ал тууралуу мындай маалыматтар айтылат: 1759-жылы Кокондун беги Эрдене асили жер чегин кеңейтемин деп, а шылтоосу Кытайга бараткан кербендери Алайда тонолгонун баана кылып түн ката Анжианга өтүп, Ошту, анан Өзгөн менен Алайды чаап кирет. Мунун дагы бир сыры – Тилеке бийдин уулу Ажи бий жай саратан башталарында төрт бийди алып барып, Кокондун башкаруучусу Эрдене менен мындан кийин душман басып кирсе, бирге согуш ачабыз (!) деп илабиз кылып кайткан. Ушул Ажи бий Кокон менен Кашкардын ортосунда элчилик кылып, эки жакты тең салмактуу кармап турган кеменгер киши эле. Ажи бийден башкалары дале көбү эл башкарган, кадыр-баркы бийик, мал-дүнүйөсү эсепсиз көп, тыштан келген жоолор менен да, ички кутумчулар менен да согушуп турган баатырлар жана колу ачык адамдар болгон. Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка кербендери чубалып келип, чубалып кетип, байлыгына байлык кошулуп турган. Кашкардагы кожолор да, Кокондогу хандар да стратегиялык маанилүү жерде – Алайда жашаган бул кишилер менен эсептешпей койбогон. Ажи бийден Алтыбай, Шаамырза, Жетибай, Бекмурза – төртөө болсо да, эл башкарар түйшүгү Шаамырзага тийет. Шаамырза Ошто бий катары өтө көп иштерди кылууга үлгүргөн. Анын Асан, Намаз, Арык, Кудаяр деген төрт перзенти болуп, Асаны бүт Ош-Алай, Кашкар тараптарга таанылган бий жана ири соодагер эле. Алимбек ошол Асан бийдин Бекмурат, Осмон, Өмүрбек деген балдарынын бири. Ал малдуу, алдуу, бийликтүү, даңаза-даңктуу тукумдан, ошону үчүн Падышалык Орусия да, СССРдеги компартия да аны феодал тукумунан деп, бай-манаптын баласы катары атын ататкан эмес, деги эле ушундай кишинин жашап өткөнү да белгиленбей келди. Атүгүл Курбанжанды саясый аренага алып келип, аны тааныткан, тарбиялаган кызматын да эске алышпаптыр, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, 1991-жылы, Алайдын Ак-Босогосунда Курманжан датканын 180 жылдыгы мамлекет башчысынын катышуусунда чоң салтанат менен белгиленип жатканда да Алимбек экинчи катарда кала берген.


- Сиз романыңызда кандай принциптерди кармандыңыз: тарыхый романбы, өмүр баяндык романбы, же андай критерийлер менен кароого болбойбу?


- Тарыхый чыгарма деген – бул өзү шарттуу нерсе. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын тарыхый чыгарма дейбиз, ооба, тарыхый адамдардын образы ачылган, ошол эле кезде тарыхта жок, реалдуу турмушта жашап өтпөгөн Абил бий, Теңирберди, Айзада, Сарыбай бүркүтчү дегендей ондогон ойдон чыгарылган каармандар менен кездешебиз. Тарыхый окуялар менен ойдон чыгарылган сюжеттер, каармандар аралашып келе берет, ансыз көркөм чыгарма жазылбайт. Менин бул романымда да ондогон тарыхый адамдарды Кокон хандарын жана хандыктагы увазир, баатыр башы, эшик ага, миңбашы, паңсат, парваначы, аптабачы, бек, бий ж.б. кызмат адамдарын кездештиребиз. Эгер жалаң эле тарыхый маалыматтар менен чектелип, ойдон чыгарылган окуялар менен каармандарды сүрөттөп жүрүп отурбасаң, жазганың бир кунарсыз текст болуп калат, тескерисинче, тарыхый окуялар менен реалдуу каармандарды ошол өз доорундай кылып жазбасаң дагы жарашпайт. Ар бир доордун адамдарын жана турмушун чагылдырууда ошол мезгилдин этнографиялык, тилдик, саясый өзгөчөлүктөрүн кошуп барышың керек. 


- Кокон хандыгынын мезгилинде жашабаган соң, ошол доорду жазуу кыйынчылык туудургандыр...


- Албетте, тарыхый темага кайрылуунун ушундай бир кыйынчылыгы болот. Француз полководеци Наполеон Бонапарт 1812-жылы орус империясына басып киргенде, бул уруш тууралуу «Согуш жана тынчтык» романын жазган Лев Толстой туула элек эле, бирок Бородино согушун, андагы М.И.Кутузовдун каармандыгын куду өзү көргөндөй жазып атпайбы. Бул биринчиден, көркөм фантазиянын учкулдугу, экинчиси, жазуучунун Кавказ согуштарына катышып, согуш эмне экендигин билип калгандыгы жардам берди. Мен да ошондой Фергана өрөөнүндө туулуп, Кокон, Фергана, Анжиан сыяктуу шаарларды кыдырып жүрүп, көп көргөнүм ишиме жардам берди. 


- Даражалуу бийлик ээлери балдарын да өзүндөй, өзүнөн да озгон мартабалуу адам болушун каалайт эмеспи. Алимбек да ошондой тарбияга кабылды да...


- Сөзсүз. 1810-жылы Кокондо чоң дүрбөлөң чыгат. Алим хандын ордуна бийликке Умар хан келди. Келгенде да кан менен келди. Жер чегин эсепсиз кеңейте берген отуздан жаңы оогон Нарботонун уулу Алим хан эми Ташкенди каратмак болду. Жолдо лашкербашылар Нарботонун кыргыз катынынан туулган Рыскул бий менен Жумабай кайтакка талаада көчүп-конуп жүргөн казактарды тыптыйпыл кылып жок кылууга буйрук берди Алим хан. Хандын мусулман пенделерине көрсөткөн кордугу Рыскул бий менен Жумабай кайтактын гана эмес, Алим хандын бир тууган иниси Умар бийдин да кыжырын келтирди. Эптеп жолун таап, Алим ханды өлтүрүп, такка Умар хан отурду деген кеп тарады калк ичине. Бирок ал өлтүргөн эмес деп да айтышат. Агезде Алимбек Кашкарда медреседе окуп жаткан. Ушул кезде Кокон эле эмес, Кашкар да тынч болбоду. Кожолор козголуп атты. Асан бий окутуп аткан уулу Алимбекти Кашкардан алып келди, анын дагы бир себеби – Коконго жаңы хан менен учурашканы барганга баланы да эргештирип алайын, жакшылыкка ыроолоп хандын кешигин ичирейин, тагын көрсөтөйүн, бийлик кумарына куштарлана берсин, журт ээлерге быша берсин, баарын көрө берсин деди. 1815-жылы Асан бий уулун Кокон амири Умар ханга алып барды. Көп белектер менен барышты. Хандын зайыбы Махлар айым акын болгон, Надира деген ат менен ыр китептерин чыгарган, ошол аял Анжианда эл башкарган Рахманкул бий дегендин кызы болуп, оштук кыргыздарга кыйла жакын санап, Алимбекти жакшы кабыл алышты. 1822-жылы Умар хан ооруп, оорусу башталгандан он жети күн өтүп келбес жайга кете берди Кокондун жетинчи ханы. Умар хандын зайыбы Махлар айым өтө чечкиндүүлүк кылды. Дубан менен ары сүр, бери сүр болуп отурбай он төрт жаштагы уулу Мухаммад Алиханды такка отургузду, жаш баланы эл Мадали хан деп койду. Он төрттөгү бала эмнени билмек, анын жанында бийликти алчы-таасын жеген миңбашы Хаккулу бий жүргүзүп жатты. Мына ушундай тарыхый кырдаалдар, хандыктагы бийлик талаштар Алимбек сыяктуу саясый ишмерлерди жаратты.


- Алимбек жигиттери менен сүрүлүп барып, Кокон хандарын алмаштыра берген деген сөздөр бар го...


- Мунун бир чындыгы да бар. Мадали хандын бийлиги да чириди: Букар эмирлиги тирешип-тирешип атып, Оро-Төбө, Кожент сыяктуу жерлерди талашып атып, анын акыры согушка айланды, Кокон хан ордосунун ыркы кетип, бир катар уруу башчылары хандын үстүнөн даттанып, “анын бийлигинен бир гана сиз куткарасыз” деп Букара эмири Насуруллага даттанып барды. 1841-жылы Кокондо аксакал-көксакал болуп масилет менен Мадали хан ордун иниси Султан Махмудка бошотуп берүүгө мажбурланды. Муну менен бийлик кризиси бүтпөдү. Кийин бийликке Шералы келди. Ал да ишенчээк, өз акылы жок киши экен. 1843-жылда Шаарканда кыпчактар арасында Шады деген өзбек-тажик аралаш датка менен Мусулманкул баш болуп, Нүсүптү жоготуунун, бара-бара Шералыны кулатуунун амалында жүрдү, 1844-жылда Маргаланда бек катары турган Нүзүптү хан чакырып атыр деп жасалма мөөрлүү кат жиберип алдап, ар дайым беш жүз сарбаз ээрчитип, сак жүргөн аны Жар-Мазарга келгенде бир коңулдан чыгышып, он эки гана сарбазы менен келе жатканда сакчыларынын баарын атып өлтүрүп, өзүн ит талагандай талап, кор кылып, Шейит-Мазарга сүйрөп алып барып шейит кетирди. Ушул окуялар Алимбекке катуу таасир этти. 1844-жылдын аягы – 1845-жылдын башында Оштун үстү Мадыга адигине Алимбек датка, аваат уруусунун беги Исфанадан Сатыбалды датка, төөлөс уруусунан Сейитбек датка, кесек уруусунан Полот датка – баары эски Кокон хандыгынын амалдарлары, азыр эми аттан түшүп жөө калган бектер менен даткалар масилет курушуп, түз эле Коконго аттанышат. Өздөрү менен Алимхандын уулу Мурадды алып барат. Бала ичкиликтердин аваат уруусуна жээн, Самарканда экен, аны таап он алтынчы август күнү Кокондун 1798-1809-жылдардагы ханы Мухаммед Саид Алимхандын уулу Мурадды такка отургузуп кетти алайлык тоолуктар менен баткендик ичкиликтер күтүрөшүп. Мурад шах он бир күн гана такта отурду. Аны кайтаруу үчүн коюлган эки жүздөй алай бөрүлөрү Мусурманкулдун сарбаздарына бардаш бере албады. Алимбектин, Сатыбалдынын, Рахматулланын жигиттери ордону таштап качууга аргасыз болушту. Такты бошоткон Мусулманкул баштаган кыпчактар тобу Шералы менен Жаркынайымдын тун уулу Кудаярды такка отургузушту. Он төрттөгү бала хан болуп жыргатмак беле, бийликтин баары бир колго – кыпчак Мусулманкулдун колуна өттү. Ал өзүн хан атасы – аталык атады. Ал арада чагылгандай ой ойлогон лашкербашы Мусурманкул өзү буйрук берип, Шааркан беги Көруулу деген кыпчакты кол баштатып Ошко жыйырма миң сарбаз менен келип, Араван, Ош, Өзгөн ортосун тегиз жалмап кара жерди канга боёду. Ушул кыргындар Алимбек баштаган «Алай жолборсторун» козгоду. Алар Коконго кыргын салып барып, алар Кудаярды тактан кулатып, ордуна Мала ханды отургузушту. Бул кызматы үчүн Алимбек датка хандын башкы увазири болуп калды. Чынында ал Коконго хан болгон. Бирок, бир катуу жобо аны такка отургузбаган, Кокон хандыгы атадан балага, миңдер тукумунан гана калышы керек эле. Алимбекке ушул нерсе туура келбей турду, бирок, хандыкта айтканы айткандай аткарылып турду. Мына ушундай ордо оюндары романда Алимбекке байланыштуу, эл турмушуна жараша сүрөттөлүп отурат. 


- Алимбекке датка наамы качан, эмне кызматы үчүн берилгени сиздин чыгармаңызда айтылганбы?


- 1825-жылы Алай ичи күбүр-шыбырга толду, “Жааңгир кожо ушул жакка качып келиптир” дешип күрү-күү. 1827-жылы Кокон ханына кызмат кылууга өткөн Алимбек Кашкар согушуна барып, алдыңкы чекте жүрдү, ал бул жактарды абдан жакшы билер эле. Мадали хан Кашкардан кытайларды сүрүп чыгып, Шыңжанды Коконго алуу үчүн отуз миң кол топтоп, 1931-жылы күз башталар менен Хаккулу парваначыны башчы кылып, Нүсүп менен Алимбекти алдыга коюп, хандыктын сарбаздарын, каратегиндик, кашкарлык уйгурларды, кыргыздарды, казактарды, ташкендик өзбектерди кошуп жоого аттанат. Көп колду саруу Жусуп, эл айткандай, Нүсүп баштады. Алай колу Алимбекке карады. 1831-жылы Кашкар согушунда катышкан эрдиги үчүн жана да хандыкка кызмат кылуунун келечегин ойлоп Мадали хан тарабынан Алимбекке датка наамы ыйгарылды. Гүлбакты берип койгондон кийин кытайлар Шыңжандан качып жоголот. Мадали хан 1832-жылы Бейжинге Кытай императоруна кат жиберет. Алимбек баш болгон элчилерди Нүзүп-Жусуп элүү башы аскерлери менен кайтарып барат, булар негизи кыргыз колу эле. Император элчилер аркылуу Кокондогу Мадали ханга ызаатын көрсөтүп, падыша кийимин, күмүш буюмдарды, аппак табак-чыны, чайнектерди, оролгон маталарды тартууга берди. Бул жолу элчилер жаңы келишимге мөөр бастырып кайтты. Ага ылайык Чин Шыңжанынын Ак-Суу, Үч-Турпан, Кашкар, Янги-Гиссар, Хотан сыяктуу алты шаары кокондуктарга салык төлөп турмак болду, аларды алып турууга бул жайларда соода өкүлчүлүгү ачылмакка кол коюлду. Дагы ушул сыяктуу кол коюлган шарт наамалар бул жерлердин Коконго толук карап калганын тастыктады...


- Роман пролог жана эпилогдон турат экен, аларда эмнелер баяндалат?


- Пролог – Курманжан датканын кошогунан башталат. Ага кошулуп кыздары Айымбү менен Сатимбү, Алимбектин удайчысы Карбоздун катыны Ырыс, Абдылабектин зайыбы Айша Алимбек датканы жоктоп кошок кошуп отурат, эпилогдо датканын сөөгүн Кокондон алып келип, Оштогу Сармазарга койгон традегиялуу эпизод сүрөттөлөт.


Маектешкен: Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн