Аяк оона 07, 2025
Убакыт: 04:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.072
1.100

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Алтай Республикасына барат

23.07.2025 13:46
183
Адылбек Касымалиев иш сапары менен Алтай Республикасына барат


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 24-26-июль күндөрү Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барат. 


Иш сапарынын алкагында Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарында боло турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 


Пленардык жыйында ошондой эле, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация башчылары экологиялык чакырыктар: туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү аттуу темалардын айланасында сөз сүйлөрү пландалууда. 


Ошондой эле эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулат. Анда конференцияга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан глобалдык суу балансын сактоо, экологиялык туризм мамлекеттин визиттик картасы сыяктуу темалардын айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн