Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 13:30
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, аял 5 баласы менен каза болду

Ошто турак үйдөн өрт чыгып, аял 5 баласы менен каза болду


Ош шаарында өрттөн 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:52дө Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 06:25те чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Алгачкы маалыматтар боюнча, өрт болжол менен саат 03:30 чамасында үйдүн жер төлөсүнөн чыгып, ал кыска убакыттын ичинде чатырына чейин тараган.


ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү берген маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн 6 жашоочусу каза болду: 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары.


Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын сөөгү таанылгыс абалга келген.


Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн