Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 15:54
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

Кемин районунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды

22.10.2025 12:42
17
Кемин районунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды


Чүй облусунда маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды. Бул туралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 


Салык кызматкерлери рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Кемин районуна караштуу Бообек айылында маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз саткан кампаны аныкташты.


Текшерүү учурунда кампадан жалпы көлөмү 1 430 литр болгон маркасы жок дизелдик отун табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май андан ары чекене сатуу үчүн белгисиз жактардан сатылып алынган жана республиканын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келинген.


Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн