Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

Адылбек Касымалиев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

06.10.2025 15:14
159
Адылбек Касымалиев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бардык министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.


Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөрүн кошумчалады.


Бирок ошентсе да, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн