Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев куткаруу кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!
Куткаруу кызматынын кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Куткаруу кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Быйыл куткаруу кызматынын түзүлгөнүнө 35 жыл толду. Бул кызмат – жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана өлкөнү өзгөчө кырдаалдардан коргоодо негизги түзүмдөрдүн бири болуп эсептелет. Бирдиктүү куткаруу кызматын түзүү – мамлекеттик өнүгүүнүн маанилүү этабы болуп, табигый жана техногендик мүнөздөгү өсүп жаткан коркунучтарга убагында берилген жооп болду.
Буга чейин коопсуздукту камсыздоочу түзүмдөр катары жарандык коргонуу жана өрт өчүрүү кызматтары иштеп келген. Бирок азыркы замандын чакырыктары – жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, селдер, өндүрүштүк авариялар, сууда жана транспортто болгон кырсыктар – көп тармактуу, жогорку кесипкөйлүккө ээ жана ыкчам аракет кыла алган кызматты түзүүнү талап кылды.
Бүгүнкү күндө куткаруу кызматы – бул өз ишине берилген, бекем жамаатты түзгөн жогорку квалификациялуу адистер. Бул – эрктүү, моралдык жактан чыңдалган жана жарандык жоопкерчилиги жогору адамдар. Сиздердин иш — бул жөн гана кесип эмес, күн сайын адам өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган каармандык.
Сиздердин кызмат дайыма тобокелдикке байланыштуу болуп, өзгөчө жыйнактыкты, кайраттуулукту жана эң оор шарттарда иштөөгө даяр болууну талап кылат. Сиздер биринчи болуп кырсыктар, табигый кырсыктар жана техногендик авариялар болгон жерге жардамга келесиздер. Так сиздердин чечкиндүүлүгүңүздөрдүн жана кайратмандыгыңыздардын аркасында күн сайын ондогон, кээде жүздөгөн өмүр сакталууда. Климаттын өзгөрүшү күчөп, табигый кырсыктардын саны көбөйүп жаткан шартта сиздердин кызматыңыздардын мааниси өзгөчө жогору болууда.
Бул майрам күнү өзгөчө ыраазычылык сөздөр – куткаруу кызматынын ардагерлерине. Сиздердин тажрыйбаңыздар, кесипкөйлүгүңүздөр жана милдетке берилгендигиңиздер муундардын мураскордугунун жана куткаруу тутумундагы бекем салттардын негизин түзөт.
Мамлекет куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого туруктуу чараларды көрүүдө. Акыркы төрт жыл ичинде заманбап техникалар, жаңы куткаруу шаймандары, 500дөн ашуун атайын техника, анын ичинде 3 тик учак алынган. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат: жогору коркунучтуу зоналардан жарандарды көчүрүү, байкоо жана эрте эскертүү системаларын өркүндөтүү чаралары көрүлүүдө.
Мындай комплекстүү иш-аракеттер реакциядан – алдын алууга өтүүгө өбөлгө түзүүдө. Бул жалпы системанын натыйжалуулугун жогорулатууга гана эмес, куткаруучулардын өздөрү үчүн дагы коопсуз иш шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерге өз ишиңиздерге берилгендигиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана каалаган учурда жардам көрсөтүүгө даярдыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чың ден соолук, кызматта мындан аркы ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакубатчылыкты, жан дүйнө тынчтыгын жана түгөнгүс энергия каалайм.
Майрамыңыздар менен!"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн