Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аэропорттун жолунда велосипед тээп бараткан эки адамды унаа сүзүп, бири каза болду

30.06.2020 11:48
956
Аэропорттун жолунда велосипед тээп бараткан эки адамды унаа сүзүп, бири каза болду

 

Бүгүн, 30-июнда "Манас" аэропортунун аймагында жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, аэропорттун аймагынан Бишкекти көздөй келе жаткан “Ауди” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бараткан эки кишини сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 жаран каза болуп, экинчиси оор абалда бейтапканага жеткирилген.


Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн