Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Медициналык мекеме эмес, жөнөкөй адам деле мындай балит жашаган болбойт го...”

06.11.2023 16:31
472
Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Медициналык мекеме эмес, жөнөкөй адам деле мындай балит жашаган болбойт го...”


- Аида айым, кечээ эле Ош базарына жакын жерлердеги гинекологиялык, стоматологиялык кабинеттерди кыдырып келипсиздер. Ага эмне себеп болду?


- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, лицензиясы жок болсо да стоматологиялык, гинекологиялык, косметологиялык кабинеттерди ачып алышып, иш жүргүзүп жаткандар тууралуу маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп чыкпадым беле? Ошондон кийин мага алардан жабыркаган кишилерден, врачтардан кайрылуулар түштү. Анан биз протоколдук тапшырманын негизинде Ош базарына барып, жеке менчик стоматологиялык, гинекологиялык кабинеттерди көрүп келдик. Тилекке каршы, азыр маалымат тез тарайт экен, биз жаңыдан кыдырып баштаганда эле көбү кабинеттерин жаап, кетип калышты. Бирок, бул биздин иштин алгачкы эле кадамы. Дагы көп текшерүүлөрдү жүргүзөбүз деген оюбуз бар.


- Сиздер көрүп үлгүргөндөрдөн эмнени байкадыңыздар?


- Эң чоң көйгөй – бул антисанитария! Медициналык мекеме эмес, жөнөкөй адам деле күнүмдүк турмушунда мындай балит жашаган болбойт го... Кол жууган жери креслонун маңдайында экен. Чүпүрөктөрү кир. Аспаптарын айтпай эле коёюн. Стерилизация жөнүндө дегеле түшүнүктөрү жок. Мен бул маселени көтөрөр алдында көптөгөн врачтар менен кеңешкем. Студенттик бейтапкананын жетекчиси менен сүйлөшсөм, акыркы учурларда студенттердин арасында гепатит С, гепатит В оорулары менен ооругандар көбөйгөнүн, териштире келгенде көбүнчө тиш доктурларга барганда жуктуруп алгандарын айтышты.


- Арзан деп барышат го?


- Ооба. Ош базарында гинекологиялык кабинет УЗИси менен кошуп текшергенде баарына 500 сом алат экен. Ал эми башка ооруканаларда УЗИге өзүнчө, гинекологдун кабыл алуусуна өзүнчө төлөшөт. Баарын кошкондо миң сомдон ашып кетип атат. Бирок, биздин жарандар бир нерсени түшүнүүлөрү керек: 500 сомду үнөмдөйм деп жаман илдетке чалдыгып, 50 миң сомго чыгым болуп атышат. Ошондо да ден соолугун мурдагы калыбына келтире албайт... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн