Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ак-Ордодо жол кырсыгына кабылган маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү көз жумду

Ак-Ордодо жол кырсыгына кабылган маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү көз жумду


Бишкектин жанындагы Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгына кабылган маршруттук кичи автобустун реанимацияда жаткан бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Ак-Ордо-3 конушта үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч ким сактай алган жок! Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди! Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт", - деп жазды Осмонов.

Саламаттык сактоо министрлиги бул кырсыкта 23 адам жараат алганын, алардын 12си ооруканга жеткирилип, төрт жүргүнчү реанимацияга түшкөнүн билдирген. Ооруканананын жандандыруу бөлүмүндөгү бир бейтаптын өтө оор, калган экөөнүкү оор болгонун, дагы бир адам реанимациядан жалпы бөлүмгө которулганын кабарлаган.

Ак-Ордо-23 конушундагы 19-июлдагы бул жол кырсыгында буга чейин бир адам мерт болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн