Жетинин айы 03, 2025
Убакыт: 18:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.075
1.110

Бишкекте ТМУ өлкөлөрү темир жол кызматташтыгын чыңдоону талкуулады

03.11.2025 10:59
96
Бишкекте ТМУ өлкөлөрү темир жол кызматташтыгын чыңдоону талкуулады


Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмун мүчө мамлекеттеринин темир жол администрация жетекчилеринин III жыйыны өттү.


"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө темир жол тармагындагы мындан аркы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.


Жыйын Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" МИнин башкы директору Азамат Сакиевдин төрагалыгы астында өттү.


Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары М. Азимов, Азербайжан, Казакстан, Туркия, Өзбекстан, Кыргызстандын темир жол ишканаларынын жетекилери, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги катышты.


Азамат Сакиев өз сөзүндө бул иш-чаранын темир жол тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин баса белгиледи.


"Темир жол башкармаларынын өз ара кызматташуусу алгачкы жемиштерин берүүдө. Эл аралык транспорттук коридорлор активдүү өнүгүп, жүктөрдү жеткирүүнү тездетип, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарын бекемдөөдө. Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан олуттуу транзиттик мүмкүнчүлүккө ээ болуп, Жибек жолунун экономикалык алкагы демилгесинин алкагындагы мультимодалдык маршруттардын маанилүү бутагы боло алат", - деди Сакиев.


Жыйында кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулоо, темир жол каттамдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, инновациялык технологияларды жана ташууларды башкаруунун санариптик системаларын киргизүү, ошондой эле ТМУга мүчө өлкөлөрдүн темир жол башкармаларынын ортосунда маалымат алмашууну чыңдоо негизги максат катары коюлду. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, транзиттик байланыштарды жакшыртууга, маршруттарды оптималдаштырууга жана транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган келечектүү долбоорлор каралды.


Иш-чаранын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн темир жол жетекчилеринин III жыйынынын протоколуна кол коюлду.


"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эл аралык транспорттук тармактарга интеграцияны тереңдетүүгө багытталган долбоорлорду активдүү ишке ашырууну улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн