Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: «Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтөлү”

12.12.2023 11:03
850
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: «Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтөлү”


- Акбөкөн мырза, өлкөнү өндүрүш өнүктүрөбү же салыкпы?


- Негизи өлкө салыктан түшкөн акча менен жашайт! Албетте, өндүрүш өнүксө салык да көбөйөт, салыктын ставкасы азаят.


Салыкчылар өздөрү өзгөрүүгө даяр эмес үчүн соодагерлер митингге чыгыштыбы?


- Менин оюмча, салыкчылар да, өкмөт деле өзөрүүгө даяр. Болгону, элге түшүндүрүү иштери начар жүргөн. Ошон үчүн ушундай каршылык кылышты. 


- Президент “жарым жыл патент менен иштегиле” дегенди аргасы жок айттыбы, же салык системасындагы татаалдыкты жөнөкөйлөштүргөнгө чейинки убакытты болжодубу?


- Президент митингге чыккан элди тынчытайын деген максат менен айтты окшойт. Эми митингди уюштурган базардын ээлери менен иштейт го. Президент, өкмөт артка кетпейт болуш керек. Акыры кассалык аппараттарды койдуртат. Менин оюмча, түшүндүрүү иштери начар жүрүп жатат. Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтүп, жардам бериш керек. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн