Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Акылбек Жапаров «Балыкчы - Барскоон» унаа жолунун курулушун текшерди

15.11.2021 09:23
605
Акылбек Жапаров «Балыкчы - Барскоон» унаа жолунун курулушун текшерди

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы - Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.


Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган «Балыкчы - Барскоон» унаа жолунун тилкесин барып көрдү.


Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө.


Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат.


Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн