Бугу 02, 2025
Убакыт: 21:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Акылбек Жапаров Германиядан келген инвесторлор менен жолукту

07.03.2024 13:28
444
Акылбек Жапаров Германиядан келген инвесторлор менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынан келген ишкерлер делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилей кетсек, делегация Кыргызстанга кызматташтыкты улантуу, өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өлкөнүн потенциалын изилдөө максатында келген. Герман ишкерлери 2023-жылдын ноябрь айында Гамбург шаарында Кыргызстандын Германиядагы Экономика күнүнүн алкагындагы иш-чараларга катышкан. 

Тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда, күн электр станциясын куруу жана мындан аркы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн