Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров Самарканддагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

11.03.2023 12:33
320
Акылбек Жапаров Самарканддагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты


Өзбекстанда жумуш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Самарканд шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы жана делегациянын мүчөлөрү ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу “MAN” заводунда, жук ташуучу автоунааларды, атайын техникаларды жана жогорку сыйымдуулуктагы автобустарды чыгаруучу “Uz Truck and Bus Motors” заводунда, ошондой эле, кичи жана орто кубаттуулуктагы автобустарды жана жук ташуучу автоунааларды чыгаруучу “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк участокторунда болушту.

Маалымат үчүн: “MAN” ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу завод 2012-жылдын 31-июлунда ачылган.

Ал эми, “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк линиясы 1999-жылдын 19-мартында ишке киргизилген. Завод учурда автобустун 4 моделин жана жүк ташуучу унаанын 5 үлгүсүн чыгарат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн