Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров USAID`дин администратору Саманта Пауэр менен жолугушту

17.04.2024 10:10
81
Акылбек Жапаров USAID`дин администратору Саманта Пауэр менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын айыл жерлеринде жана алыскы райондордо жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, ведомство тарабынан жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын улуттук экономикасы туруктуу темп менен өнүгүп жатканын, буга өлкөнүн 2023-жылга жана 2024-жылдын биринчи кварталына карата көрсөткүчтөрү далил экенин белгиледи.

«Акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7% түздү (2021-жылы 5,5%, 2022-жылы 6,3% жана 2023-жылы 9%). 2024-жылдын 1-кварталында экономиканын өсүшү 8,8%ды, ал эми Кумтөрсүз 9,8%ды түздү», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан ары тараптар билим берүү, энергетика, айыл чарба, санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө белгиленген багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров жетектеген делегациясы Вашингтонго ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышуу үчүн келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн