Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров Вашингтондо бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

16.04.2024 10:04
140
Акылбек Жапаров Вашингтондо бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында америка-кыргыз соода палатасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Кыргызстан - маданий мурастарга бай, жаратылыш ресурстарына жана стратегиялык географиялык абалга ээ өлкө. Биз чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-коомчулуктар үчүн туруктуу жана ачык экономиканы түзүүгө умтулабыз”, - деген министрлер кабинетинин төрагасы бул жолугушуу эки тараптуу салттуу достук мамилелерди чыңдап, эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн эки тараптуу кызматташуусуна кошумча түрткү берерин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм сыяктуу тармактарга америкалык технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин кошумчалады.

“Америкалык бизнес Кыргызстанда ишенимдүү өнөктөштөрдү табат жана келечектүү тармактарга инвестиция салат деп ишенем”, - деп жолугушууну жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Андан кийин МинКаб Төрагасы америкалык “Альварез жана Марсал” (“Alvarez & Marsal”) консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолууу менен Кыргызстан туруктуу темп менен өнүгүүнү улантып жатканын белгиледи.

“2024-жылдын 1-кварталында экономиканын өсүшү 8,8%ды, ал эми “Кумтөрдү” кошпогондо 9,8%ды түздү. Ошол эле учурда 2023-жылы тарыхый этапты басып өттү. Өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 228 миллиард сомду (13 миллиард 751 миллион доллар) түзүп, өсүү темпи 6,2%ды түздү, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар негизги инфраструктуралык долбоорлорго жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Акылбек Жапаров компаниянын башкаруучу директоруна Кыргыз Республикасында улуттук кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кеңеш берүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, эки тараптуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү, атап айтканда, компаниянын башкаруучу директору жана аткаруучу жетекчиси Питер Бриггс консалтингдик кызматтын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле алардын функциялары жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тараптар бардык актуалдуу маселелер жана аларды чечүү боюнча мындан аркы аракеттер боюнча макулдашууга жетишти.

Анда тараптар эки тараптуу маселелерди изилдөө жана мүмкүн болушунча тезирээк жол картасын иштеп чыгуу үчүн консалтингдик компания менен Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жумушчу-техникалык топ түзүүнү макулдашышты.

Компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча диалогду улантууга жана кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар жемиштүү натыйжаларга жетишүү үчүн өз ара түшүнүшүү деминде ишти улантууга макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн