Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Аксана Рыскулова, бизнес тренер: “Эгерде келечегибизге план кылбасак, анда жашообузду так көрө албайбыз”

21.12.2023 09:21
1159
Аксана Рыскулова, бизнес тренер: “Эгерде келечегибизге план кылбасак, анда жашообузду так көрө албайбыз”


- Аксана айым, жашообузга план түзүп алуунун таасири, пайдасы тууралуу ой бөлүшсөң?


- Жакын адамдарыңдын “сенин колуңдан эч нерсе келбейт” деп намысыңа тийген сөздөрүнөн улам максатыңа жетүү үчүн план жазууга мажбур болосуң. Ошондой бир себеп адамдын демине дем кошуп, “мен далилдейм” деген ички бир күчтү берет экен. Ошон үчүн ички күч – бул негизги нерсе. План жазып койсо эле орундалып калбайт. Эмнеге пландар орундалбайт? Себеби, биз план жазганда жөн эле жазып коёбуз. Биздин мээбизге күнүнө элүү миңдей ой келип жатпайбы, ошол ойлордун арасында пландарыбыз жөн эле бир сүртүмгө окшоп кетип калат. Көмүскө акылыбыз аны анча деле маанилүү эмес деп кабыл алат. Биз качан гана планыбызды күндө кайталасак, көмүскө акыл “бул кайталаганы үчүн ушул нерсе маанилүү окшойт” деп кабыл ала баштайт экен. Ошон үчүн эртең менен күндө кайталап туруу керек. Экинчиден, жөн эле кайталап койбостон жок дегенде кичине бир кадам жасоо зарыл. 100 же 1000 кадам эмес, кичине болсо да күндө бир кадам жасоо шарт. Андан ары ошол планды аткарган, туу чокусундагы адамды биз көчүрүшүбүз керек. Ал эмне кылат? Качан жеткен? Кантип аткарган? Мүмкүн болсо ошол адам менен сүйлөшүп, жазган китеби болсо окушубуз керек. Кеңеш алсак дагы жакшы.


- Эмнеге биз пландаштырышыбыз керек? 


- Эгерде пландаштырбасак, анда жашообузду так көрө албайбыз. Биз оюбуздагы нерселерди кагазга жазып түшүргөндө, жашообузду башка бир адамдын жашоосун көргөндөй жеңилирээк болот. Сизден жакын адамыңыз же бир тууганыңыз кеңеш сураса, сиз “аны мындай эле жасап, чечип койсо болот да” деп тез эле жооп бере аласыз. Ал эми өзүңүзгө келгенде кеңеш берүү өтө эле кыйын болуп калат. Себеби, биз сууга түшүп атканда “мен суумун” деп сезбейбиз. Ошондой эле адам өзүн ар тараптан карай албайт. Ал эми планын кагазга жазганда кеп башка, сырттан карай алат. Экинчиси, биз пландаштырып жатканда эмнени сезебиз? Элүү миң ойду биз кагаз жүзүнө түшүрбөйбүз да, ошол түшүрүлгөн ойлорду биздин көмүскө акылыбыз “бул адам үчүн ушул маанилүү окшойт” деп дагы бир жолу эстеп калат экен. Анан кошумча эс тутум булчуңдардын да эсинде физикалык көнүгүү аркылуу сакталып калат. 


Эгерде сиз максатыңызга жетүү үчүн маанилүү болсо деле пландаштырбасаңыз, кийинчерээк деле жетишиңиз мүмкүн. А эгерде кагаз жүзүндө жазган болсоңуз, анда сиз убактысынан бир топ эсе эртерээк жетесиз. 


- Эмнеге убактыбыз эч нерсеге жетишпейт? 


- Себеби, биздин жашообузда 24 саат убакыт болсо, сиз кандай өткөрөсүз – ал өз эркиңиз. Кааласаңыз уктап, телевизор көрүп, же китеп окуйсуз. Балким күлүп же кайгырып өткөрөсүз. Ушул убакытты кантип колдонуу дагы бул сизден көз каранды. Себеби окшош күндөр өтүп жатса, “бул күндөр эч качан түгөнбөйт, чексиз” деп ойлойбуз. Ал эми кечээ күнү өткөн убактыбызды канча байлык берсек дагы кайра кайтарып ала албайбыз. Ошондуктан ар бир күнүбүздү акыркы күндөй жашаганыбыз маанилүү. Кечээги күн өттү, ал эми эртеңки күндү жашайбызбы, жокпу – ал бизден көз каранды эмес. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн