Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эсептөө палатасы Аксы районунун бюджетинде каржы бузууларды аныктады

31.01.2024 09:41
373
Эсептөө палатасы Аксы районунун бюджетинде каржы бузууларды аныктады


Аксы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бюджеттик мекемелеринде, муниципалдык ишканаларында 2021-2022-жылдарга карата бюджеттик каражаттарынын натыйжалуу пайдалануусуна шайкештик аудитин жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жыйынтыгында жалпы 81 млн 588,9 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Анын ичинен:

- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 4982,6 миң сом;

- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 539,4 миң сом;

- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 54,0 миң сом;

- курулуш иштерине кошуп жазуулар –233,4 миң сом;

- эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 345,4 миң сом;

- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 2,4 миң сом;

- товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын нормадан ашыкча запастары – 369,3 миң сом;

- негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 72658,4 миң сом;

- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 46,5 миң сом;

- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 336,0 миң сом;

- эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 1189,7 миң сом;

- дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 831,8 миң сом.

Ошондой эле Ак-Суу айыл өкмөтүндө аныкталган 2925,5 миң сомдук каржы бузууларга жана Назаралиев айыл өмөтүндөгү “Шералиев көчөсун асфальтоо” иштериндеги 233,4 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазууларга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары Жалал-Абад облаттык прокуратурасына жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн