Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 10:59
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Аксыдагы оорукананын өрт чыккан чатыры жаңыланды

12.04.2023 10:12
689
Аксыдагы оорукананын өрт чыккан чатыры жаңыланды

Аксыдагы жалпы медициналык практика борборунун өрттөн жабыркаган чатыры калыбына келтирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, оорукананын чатырын калыбына келтирүү иштери 9-апрелде аяктады.


Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, хирургиялык корпус кадимки режимде иштеп жатат. "Министрге тез арада каражат бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз, анын аркасында оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрдүк", - деди ал.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-мартында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова кырсык катталган оорукана менен жеринде таанышуу үчүн Аксы районуна барган. Иш сапардын жыйынтыгында министр чатырды жабууга 6 млн сом бөлүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн