Теке 18, 2025
Убакыт: 03:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.111
1.135

Ала-Бука районунда 150 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

17.07.2025 22:44
148
Ала-Бука районунда 150 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө


Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагына караштуу Совет-Сай айылындагы 150 орундуу Совет орто мектебинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев билдирди.

      

Анын айтымында, аталган мектептин жаңы имаратынын пайдубалы курулуп башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, "Бакыт групп" ЖЧКсы 99 млн. 36 миң сомго тендерден утуп, курулуш иштерин баштаган. 

    

Мектептин курулуш иштери менен таанышууга барган эл өкүлү менен жолугушуу максатында айылдын жашоочулары да келип, көйгөйлүү маселелери менен бөлүшүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн