Аяк оона 04, 2025
Убакыт: 19:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.072
1.100

Эмгек министрлиги мыйзамсыз иштеген жумушка орноштуруу агенттиктерди атады

04.09.2025 16:50
19
Эмгек министрлиги мыйзамсыз иштеген жумушка орноштуруу агенттиктерди атады


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстанда мыйзамсыз иш жүргүзүп жүргөн айрым агенттиктер тууралуу эскертүү берди.


Маалыматка ылайык, жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда “Эдукейшн плюс” ЖЧКсы, “Lux Europe” агенттиги жана “EVC виза агенттиги” сыяктуу уюмдар кыргыз жарандарына чет өлкөдө ишке орноштурууну мыйзамсыз негизде сунуштап келишкен. Алар чет өлкөлөрдө эмгекке орноштуруу боюнча тиешелүү уруксаты жок туруп, иштеп келишкен.


“Мыйзамсыз агенттиктер мыйзам талаптарын сактабастан ишке орноштурууну сунуштоо менен жарандардын жашоосу жана коопсуздугуна коркунуч жаратат, ошондой эле алдамчылык схемаларын колдонушу мүмкүн”,-деп айтылат билдирүүдө.


Учурда аталган агенттиктер боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.


Министрлик жарандарга сак болууга жана чет өлкөгө жумушка орношуу алдында агенттиктердин уруксатынын бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат. Легалдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн кыргызстандыктар Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылып же migrant.kg сайтынан тааныша алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн