Ала-Букада 300 гектар жерге күн панелдерин орнотуу пландалууда. Бул тууралуу күн мурун райондук мамлекеттик администрациясында өткөн "Ала-Бука районунда күн кубатынан энергия алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аталышындагы инвестициялык кеңешмеде айтылды.
Райондук администрациянын маалыматына караганда, кеңешмеге аким Руслан Айтбаев баштаган райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Solar Energy ЖЧКнын башкы директору Асанбек Тороев, Sinotech компаниясынын генералдык директору Шау Вей жана "Чапчыма-Gold" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Улан Рахманбердиев катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Ала-Бука районунда күн кубатынан энергия алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана кызматташтык боюнча маселелер талкууланып, баяндамалар жасалды.
Район акими өлкө аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча алгылыктуу жумуштар жүрүп жатканын, анын ичинде Ала-Бука районунда да кичи ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле күн энергиясын өндүрүү үчүн да өтө ыңгайлуу шарттардын болгону, келечекте электр энергиясын өндүрүүдө кошумча багыттарды камтып, райондун өндүрүштүк-экономикалык потенциалын жогорулатарын кошумчалады.
Кеңешменин жыйынтыгы менен тараптар Ала-Бука районунда 300 гектар аянтка күн панелдерин орнотуу долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Андан соң долбоор ишке ашырылуучу жер участогун жеринен көрүшүп, күн панелдерин орнотууга ыңгайлуулугу тууралуу жергиликтүү адистер менен пикир алмашышты.
Соңунда кеңешменин катышуучулары Айры-Там айыл аймагындагы Кара-Үңкүр мектебинин курулушу менен таанышып, аймактагы көптөгөн социалдык долбоорлорго жакындан жардам берип келе жаткан Solar Energy ЖЧКчынын башкы директору Асанбек Тороев аймактын инфраструктурасын жакшыртууга мындан кийин да көмөктөшөрүн билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн