Европа биримдиги суу секторун реформалоону ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 17 млн евро грант бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-октябрда Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн Global Gateway форумунун алкагында Кыргызстандын финансы министринин орун басары Улугбек Календеров менен Европа биримдиги Эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директорунун Азия жана Тынч океан аймагы боюнча директору Петерис Устубстун жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты, ошондой эле КР министрлер кабинети менен Европа комиссиясынын ортосунда суу секторун реформалоону ишке ашыруу боюнча жалпы суммасы 17,0 млн евро өлчөмүндө акысыз (гранттык) негизде каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Бул макулдашуу суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана аларды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кыргызстандын суу секторунда комплекстүү реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн