Теке 07, 2025
Убакыт: 14:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

“Ала-Тоо Резорт” курортуна Австриядан алгачкы жабдыктар келди

07.07.2025 10:26
19
“Ала-Тоо Резорт” курортуна Австриядан алгачкы жабдыктар келди


"Ала-Тоо Резорт" комплекси курула турган жерге курулушу башталган асма аркан жолго керектүү жабдыктар жана шаймандар жеткирилди. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жабдыктар Австриядан алып келинди.


Белгиленгендей, буга чейин асма аркан жол салуу жана долбоорлоо боюнча дүйнө лидери аталган Австриялык компания менен Борбор Азия аймагында жок ири курортко асма аркан жол куруу боюнча келишим түзүлгөн.


Ушул тапта чет элдик инженерлер асма аркан жол салына турган аймактарга техникалык жолдорду куруп жатышат. Ага утурлай эле курулушка керектүү арматурадан жасалчу кесиндилер жасалууда.


Эми жаңы алып келинген жабдыктар менен мамылардын пайдубалын түптөө иштери башталат.


Айта кетсек, курула турган жолдун жалпы узундугу 4 чакырымды түзүп, 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү 1 чакырым 730 метрди түзүп, 12 мамы 2 станция, ал эми экинчи бөлүгү 2 чакырым 250 метрди түзүп, 14 мамы, 2 станция курулат.


"Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов белгилегендей, асма аркан жол курууга керектелүүчү жабдыктар Австрия мамлекетиндеги атайын заводдон улам этап-этабы менен жеткирилип турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн