Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн коктусунда жоголгон кишини издөө иштери токтотулду

24.01.2024 10:25
148
Аламүдүн коктусунда жоголгон кишини издөө иштери токтотулду


Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы кишини издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Мухамедаалы Маматаалы уулунун жакын туугандары анын жоголгонуна 10 күн болгонун айтып, куткаруучуларга ыраазычылык билдиришкен.


"10 күндөн бери тынбай иштеп, издөө иштерин активдүү жүргүздүңүздөр. ӨКМ, ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Биз аны шаарда жүрөт деп ойлоп жатабыз, табылып калат деген үмүттөбүз", — деген тууганы.


Министрлик кечээки издөө иштерине 282 адам тартылганын кабарлап, анын 172си ӨКМдин куткаруучулары экенин белгиледи.


Эске салсак, Мухамедаалы Маматалы уулу 14-январда үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Кийин Аламүдүн капчыгайындагы "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган. Издөө иштери ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн