Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 18:22
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.045
1.075

Алдамчылыкка айыпталган Гүлзат Мамытбек күнөөлүү деп табылды

25.05.2022 11:52
1195
Алдамчылыкка айыпталган Гүлзат Мамытбек күнөөлүү деп табылды

Блогер Гүлзат Мамытбекке Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды. Анда сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап 3 жылга пробациялык мөөнөткө ( үй камагы) кесилди. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады


Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулган. 


24-майда соттук отурум жыйынтыкталды. Анда блогер "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазаны өтөөдөн бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн