Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 17:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Таласта мамлекетке 4 млн сом зыян келтирген кызматкерлер кармалды

05.11.2025 15:45
18
Таласта мамлекетке 4 млн сом зыян келтирген кызматкерлер кармалды


Таласта мамлекетке 4 млн сомдук зыян келтирген кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары тарабынан атайылап пайдасыз келишим түзүлгөндүгү боюнча фактыны аныктады.


Натыйжада КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалды.


Алар 2026-жылдын жайында Талас облусунда "Мен чемпионмун" спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына бөлүнгөн 17,5 млн сом өлчөмүндө каражатты максатсыз пайдаланышкан.


Жогоруда айтылган сумманын 12 млн сому мамлекеттик агенттиктин жооптуу кызматкерлери тарабынан облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы үчүн административдик имарат сатып алууга жумшалган. Аталган имарат КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен атайылап 12 млн 343 миң сомго ашыкча бааланган. Көз карандысыз баалоо боюнча, бул имараттын орточо базар баасы 7 млн сомду түзөт. Натыйжада мамлекетке 4 млн сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилген.


Буга байланыштуу жогоруда кармалгандар Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.


Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн