Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:41
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Үч мектепти бир күндө ачууну пландаштырып жатабыз”

21.01.2024 14:36
1358
Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Үч мектепти бир күндө ачууну пландаштырып жатабыз”


- Алишер мырза, Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылында окуучулар авариялык мектепте окуп жатышкандарын айттыңыз эле. Жаңы мектепти куруу боюнча кандайдыр бир аракеттер жасалып жатабы?


- Ал мектеп эскилиги жетип, авариялык абалда болгондуктан, 250 окуучунун жүздөйү башка мектептерге барып жүрүшөт. Мектеп өзү мурдагы кыздар бригадасынын шыйпаңынын ордуна ашар жолу менен курулган. Атайын план менен салынган мектеп жок. Ошондуктан жаңы мектеп үчүн жер бөлүнүп, документтери бүткөн. Эми аны быйылкы жылдын планына киргизүүгө аракет кылып жатабыз. 


- А башка айылдарда акыбал кандай?


- 2015-жылы курулушу башталып, кээ бирөөнүн пайдубалы түптөлүп, айрымдарынын дубалы көтөрүлгөн абалда токтоп калган беш мектеп бар болчу. Менин демилгем менен эки жылдын аралыгында анын экөө бүтүп, пайдаланууга берилди. Жакын арада дагы үч мектепти бир күндө ачууну пландаштырып жатабыз. Анын бири бардык шарты бар 375 орундуу мектеп Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылына курулду. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн