Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Арстан Алай асынган абалда табылды. Жазаларды аткаруу кызматы окуя боюнча комментарий берди

Арстан Алай асынган абалда табылды. Жазаларды аткаруу кызматы окуя боюнча комментарий берди


Бүгүн, 5-январда саат 05:15 чамасында Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) асылып турган абалда табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, айыпталуучу Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын 15-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

2023-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан А.Абдылдаевге карата 2024-жылдын 15-январына чейин Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

2023-жылдын 28-декабрында психиатр-дарыгеринин сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев "Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.

№31 мекемеге келгенден кийин, 2023-жылдын 29-декабрында айыпталуучу А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: "Такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу . Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору" жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

2024-жылдын 5-январында саат 04:52 чамасында айыпталуучу А.Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин ашканасына кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.

Сөөктү алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факт АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн