Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген маалыматты төгүндөдү

31.12.2021 14:28
479
Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген маалыматты төгүндөдү

Ишкер Аскар Салымбеков социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында тараган маалымат тууралуу өзүнүн пикирин билдирди. 


"Урматтуу мекендештер, айрым социалдык тармактарда чыгып жаткан терс жана жалган маалыматтар тууралуу кайрылуу жасап коюну туура көрдүм. Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген имиштерин төгүндөп, ошол маалымат булактарынан жалган маалыматты таратуудан алыс болууну чакырмакчымын. Мен ар дайым өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүн колдоп келгем жана колдой бермекчимин. Эч качан саясий оюн кылып, тигил же бул тарап кылып бөлүнгөн да, бөлгөн да жокпуз. Эл шайлаган ар бир бийлик менен конструктивдүү иш алып барып, колдоп келдик",- деп билдирди Салымбеков.


Мындан сырткары, Аскар Салымбеков жалган, калп маалымат тараткандарды ынтымакка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө чогуу салым кошууга чакырды.


Ошондой эле Салымбеков кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн