Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Астероидден алынган кум ааламдын сырын ачабы?

26.09.2023 10:33
1500
Астероидден алынган кум ааламдын сырын ачабы?


Бенну астероидинин кыртышынан алынган бир чөйчөктөй кум-шагыл салынган капсула Жерге ийгиликтүү конду. Окумуштуулардын айтымында, бул үлгүлөр Күн системасынын жана Жердин кантип жаралганын түшүнүүгө жардам бере алышы мүмкүн.

АКШнын космостук агенттиги НАСА Бенну астероидинин кыртышынан алынган үлгүлөр салынган капсула 24-сентябрда АКШнын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарынын батышындагы чөлдүү аймакка кантип конгонун түз эфирде көрсөттү.

Капсуланы Жерге OSIRIS-REx робот-космостук аппараты 100 миң чакырым бийиктиктен планетаны көздөй коё берген.

OSIRIS-REx Бенну астероидинин үлгүлөрүн чогултуу үчүн 2016-жылы учурулган. Ал 2020-жылы астеороидден үлгүлөрдү атайын жабдык аркылуу сордуруп алган. Бул миссияны НАСА менен Аризона университети дээрлик жети жылдан бери бирге жүргүзүп келишти.

Астероидден алынган чаң, кум-шагылдын болжолдуу көлөмү 250 граммдай же бир чөйчөктөй экени белгилүү. Анын так көлөмү капсула ачылгандан кийин гана билинет. НАСАнын башкы куратору Николь Ланнингдин айтымында, бул иштерди тактоо бир нече жумага созулушу мүмкүн.


Беннунун кыртышынан үлгү алынып жаткан учур, 20-октябрь 2020-жыл.

OSIRIS-REx космостук аппараты.
Макаланы даярдаган: Венгриядагы Печ университетинин студенти, Медина Шамшидинова

Айдан алынган үлгүлөрдү эсепке албаганда бул адамзаттын тарыхында астероидден Жерге анализ үчүн алып келинген эң чоң үлгү. Буга чейин Жапония гана астероидден алынган бир чай кашыктай үлгүнү эки жолу (2010 жана 2020-жылдары) Жерге ийгиликтүү жеткире алган.

Астероиддер – убакыт капсуласы

Бенну — курамын негизинен көмүртек түзгөн өтө чоң эмес астероид. Анын туурасы 500 метр. Астероид алты жылда бир жолу Жер планетасына жакыныраак өтөт. Мындан улам ал Жерге жакын космостук объект деп саналат. Айрым окумуштуулар Беннуну планетага коркунуч жараткан астероиддердин катарына кошушат.

НАСАнын администратору Билл Нелсондун айтымында, Бенну астероидинин үлгүлөрүн изилдөө Күн системасы адеп кандай жаралганын жана Жер сыяктуу салыштырмалуу таштак планеталардын өнүгүшүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Илимпоздор муну Беннунун минералдык жана химиялык курамы 4,5 миллиард жылдан бери өзгөрбөгөнү менен түшүндүрүшөт.

Би-Би-Синин илимий редактору Ребекка Морелл астероидди "эң сонун сакталган убакыт капсуласындай" деп сыпаттады.

Ошондой эле Бенну астероидинде микробдордун пайда болушу үчүн зарыл болгон органикалык молекулалар болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Буга чейин жапон окумуштуулары башка астероидден Жерге жеткирилген үлгүлөрдү изилдеп жатып, анда тирүү организмдердин пайда болушуна салым кошо турган эки органикалык кошулманы бар экенин табышкан.


OSIRIS-REx космостук аппараты.

"Бул көп-көп жылдар бою илимий анализдин казынасы болот", - деп билдирди НАСАнын планета илими бөлүмүнүн директору Лори Глейз.

Эми эмне болот?

Биринчиден, капсуладагы астероидден алынган кум-шагылды Жерде булгануудан коргоо үчүн окумуштуулар аны тик учак менен Юта штатындагы сыноо полигонундагы "таза бөлмөгө" ташып, алгачкы экспертизадан өткөрүштү.

Дүйшөмбү күнү ал НАСАнын Хьюстондогу космостук борборуна жеткирилет. Ал эми шейшемби күнү капсуладагы үлгү ачылат.

Ошондой эле үлгүлөр майда бөлүктөргө бөлүнүп, дүйнөнүн 60 лабораториясындагы 200гө жакын илимпозго изилдөө үчүн берилет. Бир бөлүгү келечек муун үчүн сакталат. Илимпоздор болочокто азыр ойлонуп табыла элек, дагы алдыңкы технологиялар менен астероидден алынган чаң, кум-шагылдын курамын изилдесе болот деп эсептешет.

Ал арада Беннунун үлгүлөрүн Жерге жөнөткөн OSIRIS-REx космостук аппараты кийинки миссиясын аткарууга же Апофис астероидин изилдөөгө бет алды.

Макаланы даярдаган: Венгриядагы Печ университетинин студенти, Медина Шамшидинова

Булак: “Азаттык” үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн