Теке 01, 2025
Убакыт: 16:02
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Ат-Башы райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

01.07.2025 11:15
23
Ат-Башы райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды


Ат-Башыда райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.


Иш-чарага Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Атажанов, Ат-Башы районунун акими Э.Абдыкадыров жана башкалар катышты.


Абдирашит Кубатидинов прокуратура кызматкерлерине конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди.


Ат-Башы районунун прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имаратында кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалат.


Райондук прокуратуранын административдик имараты 1972-жылы курулуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу авариялык абалда жана жер титирөөгө туруксуз деп табылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн