Теке 04, 2025
Убакыт: 23:26
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Ат-Башы районунун тургуну ооруканага тез жардам унаасын белек кылды

04.07.2025 14:45
20
Ат-Башы районунун тургуну ооруканага тез жардам унаасын белек кылды


Ат-Башы районун Ача-Кайыңды айылынын тургуну, учурда Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан Чынгыз Кудус уулу өз демилгеси менен райондук ооруканага тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.


Тез жардам унаасын тапшыруу аземине аким Эмилбек Абдыкадыров, оорукананын директору Азим Ажыбек уулу, медициналык кызматкерлер жана айыл тургундары катышып, демөөрчү жигитке терең ыраазычылык билдиришти. 


Медиктер бул белек алардын жумушун жеңилдетип, элге ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө жол ача турганын белгилешти.


Ат-Башы райондук жетекчилиги жана жалпы медицина кызматкерлери Кудус уулуна ыраазычылык билдирип, анын ишине ийгиликтерди каалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн