Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Атамдын аяш уулу

13.12.2023 09:36
3272
Атамдын аяш уулу


“Достук – эки башка дене болгону менен жаны бир”

(Аристотель)


(Улуттук журналистиканын көрүнүктүү өкүлү, жазуучу Абдимуктар Абилов 70 жашта)


Эсимде, Абдимухтар экөөбүз августтун аптаптуу күнү тааныштык. О анда Фрунзе калаасын абитуриенттер кара таандай каптап, орус кемпирлер газдалган суусун тили оозуна батпай чаңкап, узун кезекте, унчукпай турган кыргыздарга жеткире албай эстери оогон маал эле. Жашаганыбыз беш кабат жатакана, жаттаганыбыз Аалы Токомбаев, жазганыбыз Мукай Элебаев. Маал-маал биз, тоодон-түздөн чогулган мадыра баш абитуриенттер уябыздан баш чыгарып, чабалекей канат кара каш, кыялкеч кыздарга чоктой сөз ыргытып, өлалбай жатып өлөң айтканыбызчы... Эх, таттуусу таңдайда калган күндөр!


Биз мектепти бүтүп келсек, Абдимухтар Кавказда кызмат өтөп келгенге кыйла дадил экен. Көзүндө оту жанып, чачынын тармалы акын агаларыбыз Жоомарт менен Табылды Мукановду эске салат. “Түшүмө Ноокат кирет...” деп Камбаралы Бобуловдун ырына чыгарган обонун ботодой созгон, табиятынан алпейим агабыз Аким Жээнбайга окшоп, Абдимухтар экөөбүз да адеп таанышканда өскөн айыл, бүтүргөн мектебибизге дейре сурашып, ал Кашкалдактан, мен Кожокеден, “бир суунун баш-аягын ичкен элден экенбиз, а-а?” дедик бири-бирибизге. Томуктайдан бир тамаркада өскөндөй жартыны бөлүп жеп, саар-кеч ээрчишип, көнүшүп кеттик. 


 «Абдимухтар журналистика факультетине өттү» деген ректор Салмоорбек Табышалиевдин буйругу чыккан күнү азыркы “Октябрь” кинотеатрынын артындагы «Чынар» кафесинин экинчи кабатында студент болгонун кызыл вино менен жууду. Тарткылык да, эки “5”, бир “4” алып, буйрукка илинбей калганымды укканда, менин ордума өзү өтүп алгандай болуп, солдаттан үйрөнүп келген “ё-ёлки десе!” деген көндүм сөзүн кайталап, “мындай болбойт, досум, сенден журналист чыгат, убактыңды өткөрбөй ректорго кир, элдин баары “жакшы адам экен” деп айтышат, көрөсүң, сени колдойт” деп туйлап жиберди.


Эртеси Абдимухтар студенттер менен Таласка, жумушка кетти. “Ректор жакшы адам экен” деген досумдун сөзүн жөлөк кылып, райондук “Колхозчу”, облустук “Ленин жолу”, республикалык “Ленинчил жаш” гезиттерине чыккан макалаларым салынган боз папканы колтугума кысып, Салмоорбек Табышалиевдин кабылдамасында он-он бештей бала болуп кезекте турдук. Кайриет, эл айткандай калыстыгы кашкайган бир асыл адам экен. Баягы окуучулук курагымда жалындап жазып, жарык көрсө көкөлөп жер менен баспай калчу, Ноокаттын ысыгына саргайган макалаларым колумдан жетелеп, тагдыр жолуна алып чыкты. Папкадагы “архивимди” көрүп, “ушунун баарын өзүң жаздыңбы?” деди жылдыздуу ректор. “Дагы көбүн апкеле албадым, агай” дедим. Мээримдүү сөзгө эреркеп, агайдын ордуна “ата” деп ийгим келди. “Бул бала даяр экен, албасак болбойт” дегени азыр дагы кулагыма жаңырат. Жанындагы декандын кабагына кар жаап, ашка жүк, башка жүктү көргүсү келбегендей кыйылды эле, “кантип эле кандидаттык орун табылбайт, караштырыңыз” деген өктөм сөзү кыраамдыкты жеңип, жетекчинин адилдик амири аркасында жарым жылдык сыноо мөөнөтү менен илиндим. Кийин билип жүрөм, ошол күндөрү Салмоорбек Табышалиевдин кабылдамасына турган узун кезекте азыркы кыргыз журналистикасынын дулдулу Мундузбек Тентимишев досум да турган экен. Эки “кандидат” студенттик билетти калгандардан жарым жылга кеч алдык...


“Бизде эмне бар, студенттик күндөр бар” деп булбул үндүү Жолдошбек Мамажанов ырдагандай, Абдимухтар экөөбүз сүттөй тунук студенттик жылдарга учкашып, келечекке далай кыял чаргыттык. Жылдызыбыз дал келген, кулун-тайдай оюн салган ошол айыбы жок күндөргө кайра баргың келет... Абдимухтар Рыспай менен Асанкалый агалардын ырларын мукамдуу созгондо канча кара көздөрдүн жүрөгүнө өрт кетип, эки жээк болуп ырдаша кеткен жер болсо намыска да жарап жүрдү. Жердигинен адептүү, көп окуп билимин кеңейткенди, мезгилди сезүү жагынан башкалардан баамчылдыгы дипломун алары менен Кыргыз Совет энциклопедиясына (КСЭ) алып келди. Белгилүү адабиятчы, КСЭнин башкы редактору Мухтар Борбугулов агайынын “пендени мансап даражасына эмес, жандүйнө, адамгерчилик дараметине жараша мамиле туткула” деген накыл-насаатын жүрөгүнө түйгөн жаш журналист жазган макаласына, аңгемесине олуттуу карап, өзү дагы ыйман тазалыгын сактоого аракети күч эле. Кайсы жамаатта жүрбөсүн, сабыр сактап, барга-жокко кейибей, аяш атабыз Райымжандын канимет мүнөзүнөн калганбы, ушак-айыңга сөз коротпойт, тушмалдап оргу-баргы кеп салганын да көрбөдүм. “Абдимухтар агам тоого окшош” деп журналист карындашыбыз Жазгүл Кенжетаева туура жазган. КСЭнин билим куту болуп, бизге жеткен алты томдугуна кирген кыргыздардын тарыхы, маданиятына байланыштуу алтынга алмашкыс маалымат-материалдарды ыгы менен жанр бөтөнчөлүгүн сактап жазууда Абдимухтар кыргызга жан күйөр калемгер катары көрүндү.


Ата журт өзүнчө түндүк көтөрүп, улуттук валютабыз – сом киргизилген жылдары, эч кимди башынан сылабаган базар экономикасы таалайыбызга туш болуп, ары тарт, бери тарт заманда Абдимухтарды “Кыргыз Туусуна” чакырып, “реклама бөлүмүн мезгил ырайына ылайык түптөп бер” деп өтүндүм. Улуттук төл гезит да эл көргөндү көрүп, өзүн-өзү каржылоо кадамын баштап калган. Дасыккан калемгер Кудайберген Исаев экөө жарнама саясатынын пайдубалын көтөрүп, далай жыл кут түшүрүп, тапкан мөөр ырыскыны түмөндөтүүнүн үстүндө болду. Аларды “Кыргыз Туусунун” реклама чырпыгын чынарлаткан көч башчылары десем, көкөлөткөндүк эмес. Өзөргөндө эле өкмөт оозун караган адаттан арылып, каражат табуунун майнаптуу мүмкүнчүлүктөрү редакциянын чыгым-төлөмүн жаап, атургай жамааттын айлык-сыйлыгынын өлчөмү да айлап-жылдап өсүү жолунда болду. Кыскасы, табышкердик талант-шыгына, тажрыйбасына таянган Абдыкең “Кыргыз Туусу” гезитинде он төрт жылга жакын төбөсүнөн тер агызып, тажадым-ташыркадым дебей өрнөк болор ырыстуу эмгек калтырды. Азыр досубуз “Эркин Тоо” гезитинин реклама орозгерин чыңдап, бир Бишкек эмес, бүт жумурият боюнча ишкана-уюм, жеке ишкерлер жарнак-көрнөгүн көтөрүп, Абиловдун алдына келет.


Журналисттер журту гезитти “тегирмен” деп тергеп коюшат. Тегирмен уюлунда отуруп, Абдимухтар калемин кайрап, кумары козголгондо көпкө кайыл, азга тооп ак жүрөгүнөн аңгеме-эсселерди жаратып жүрөт. “Бейтааныш менен баарлашуу” деген темада окугандын жүрөгүн канаткан, бою кыска, ою нуска турмуштук новеллалары небак жарык көрсө да азыр окусаң, азыр дагы актуалдуу. Бул туурасында жаңычыл поэзияга талпынган “Найман” жыйнагын кемелине келтирип чыгарган акын Бактыгүл Чотурова (“Кыргыз Туусу” 10-декабрь, 2013-ж.) менен “чексиздиктин чен-өлчөмүн” таап, ажайып поэзияга айланткан кадимки Карбалас акын (“Эркин Тоо” 10-декабрь, 2013-ж.) аргамжыны алыс таштап, замандашы, калемдеши А.Абиловдун тагдырынан тапкан ырааттуу жана көп кырдуу жөндөм-талантына зирек бааларын берген. Ким менен гезит бетинде баарлашпасын, дилин төшөп, дыкат даярданат. “Жыландар канышасы” романын жазган Эмил Өмүракунов, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов, даңазалуу олимпиадачы Каныбек Осмоналиев менен дил маектери адабият-маданият, спорт алкагында супарадай тазалык, эмгектин канимет үзүрү жана улуттук намыс үчүн кунарлуу күрөштөрдүн үлгү сабактары терең ачылган. Ал эми Абдимухтардын өзүнүн спортко болгон ышкысын көркүнө чыгара жазыш үчүн жазуучу Мамат Сабыровдун таланты керек (“Азия Ньюс” гезити, декабрь, 2013-ж.).


Кайсы бир жылы “Ноокат” ынтымак коомунун жыйыны өтүп, дасторкон үстүндө коом төрагасы, Ата мекенге албан кызмат өтөгөн, “Жер Энеге суу берген” аттуу очерктин каарманы, кыргыздын кадырлуу аксакалы раматылык Мейражидин Зулпуев: “Абдимухтар инибиз “Кыргыз Туусу” менен “Эркин Тоо” гезиттеринде тепетең иштеп, жаңы муундун калемгерлерине эли-журтун даңазалоонун өрнөгүн көрсөткөн журналист экендигин далилдеп койду” деп эл алдында кайкалаган калпак кийгизгенин макала четине кыстара кетели. Көп райондордо аким болуп, калайык назарына коргошундай уюган, ушу тапта жайыт комитетинин төрагасы Абдималик Эгембердиев экөөбүздүн ортобузда Абдимухтар тууралуу сөз жүрүп калды. “Ээ, досуңуздун “Илбирс” деген аңгемесин окудум, зор экен! Ошондон кийин анча-мынча мергенчилик кылчу элем, мылтыкты эгизге илип, “болду” дедим. Мергенчиликти таштадым. Ишенсеңиз, илбирс менен тиктешип турган түштөрдү көрчү болдум”. Мына, көркөм сөздүн күчүнө багынган мергенчинин кебин өзүңүз уктуңуз, окурман.


Майдын башы бекен, айтор, жаз айы. Абдимухтар экөөбүз Ноокатка жол тарттык. Мурза Гапаров агабыз жазгандай, биринчи автобуска отурдук, анан Ошко самолётто учтук. Кожогелди акын ырында кыялдангандай, Бишкектен суурулган самолёт Сулайман тоосун бир айланып учмак тургай, Кара-Суунун боз адырын сүзүп алчудай аэропорттун жамаачылуу асфальтына өлдүм-талдым менен конду... Аэропорттун чыга беришинде эски ашынабыз “Ош садоси” гезитинин ошондогу башкы редактору Абдыгани ака Абдугапуров эки-үчөө болуп күтүп туруптур. 


Жеңил машиналар Ноокат ашуусун этектей баштаганда май айынын көк майсаны көз жоосун алып, тээ көктө торгойлор ыр төгүп, көөдөндө туйлаган кусалык бизди унаадан кубалап түштү. Абдимухтар туулган жерге болгон керемет кусалыгын туйдубу, өмүрдүн өрүн көздөй баратканда чач десе калган өмүрүн чачып, садага чаап жиберчүдөй: “Оо, тууган жер, сагындым, амансыңбы?!” деп эле жердин жүзүн сылагандай көк майсанга оонап-оонап, басып өткөн жолдорун бооруна басып, жерди өөп-өөп алганда мындайды күтпөгөн бу жердегилердин сезимине чок ыргып, досумдун тазалыгына суктанып турушту. Жалган дүйнөнүн жан чымыраткан чындыгына күбө болуп турган Абдыгани ака: “Боюн таштаганына караганда, Абдимухтар акам асыл турпагын ыраса-а сагынган экен! Каалаганча оонай бериң, ананайин ака, сизди көрүп, өзүмчө озондоп бир ыйлагым келип турат!” деп жашый түшкөнүн билгизбей, айласы куругандай жерден майда таштарды терип ыргытымыш болуп, өлөр-өлгөнчө эстеп жүрөр окуяга элжиреп турду. 


Күнөстүү ээн адыр мечиттин ичиндей мемиреп, тээ арыда кызыл-ала бөксөлөр, жайнаган кызгалдактар. Ушул ашууну ашып, үмүт көпөлөгүн кубалап кеткен боз улан кезимди эстеп селейип тургам. “Абдиламит ака, сиз имнеге турасыз, боюңузду таштаң да, бугуңузду жарың да, сагынычты жаңгактай чагың да!” Муну акын, котормочу Абдыгани ака көздөрү жашөөрүп зыркырап ооруп жаткан жүрөгү менен айтканын туйдум да, досумдун жанына, Жер-Эненин дукабадай шиберине кучак жайып куладым. Адырдын желаргысы алаканымды, жүзүмдү сылайт, кытыгылайт... Кыйла жаттык.


- Кана, туруңуздар, сыз өтөт. Эми жайында келип жатасыздар, сиздерди таанып калды Жер Энебиз... - Абдыгани ака эми азил аралаштырып, чамасы көңүлүбүздү жазгысы келди. Абдимухтар жаткан боюнча Рыспайдын “Сагынуусун” мукам доошуна салып ырдап баштады. Мен ээрчидим. Торгой ырын токтотту. Ый жетпеген жерге ыр жетет окшойт. Кайырмасына келгенде тик тургандар жаткандарга кошулуп ырдашты... Миң жашаңыз, кыргыз классиги Рыспай ага, кусалыкты сизден өткөрүп эч ким ырдай албас! Ээн, жайкалган, күнөстүү адырды башыбызга кийип ырдай бердик, ырдай бердик, торгойго кезек бербей...


Мынча болду, дагы бир кызыкка кулак төшөңүз. Абдимухтар экөөбүз анда “Кыргыз Туусунда” иштейбиз. Жайкы демалыш мөөртү келип, экөөбүз тең айылда жүрүп калдык. Бир күнү досум аяшым Береке экөө он-он беш чакырым бери, биздин айылга өтүп келди. Дасторкон четинде чеке тердетип, маңдай-тескей малдаш куруп, мейман зыйнаты кылып шарап куюлду. Экөөбүз тирүүлүк күндүн эңилбеген, жеңилбеген жылдыздуу учурларын кайта баштан эстегенден эринбедик. Кызуу кептин кыныгына кирип кетпей бир маалда аяк жазып, сыртка чыктык. Калың өскөн алма бак агамдын тамаркасын бооруна кысып, буруксуган абасын желпип турат. 


Атам эккен көчөттөр минтип жетилип, түшүмү боюнан төгүлөт. Бак жээктей жыш терек. Ыргалып, учтары көрүнбөйт. “Аяш атаң тиккен теректер” дедим Абдимухтарга. Ал алма бакты бөлүп турган катар теректердин бирин кучактап алып, тулкусуна башын жөлөп, бир паска тыңша-ап калды. Табият тилин билгендей: “Эй, досум, аяш атам бизге дубасын берип атат, бизге дубасын арнап атат!” деп жан дилинен жыргап айтканы кызык учурады. Күлүп койдум. Үйдөн ичкен чай-пай менин да боюмду “өрдөп” бараткан... “Чын айтам, тыңшасаң, мага окшоп кучактасаң!” деп табиятты жанындай жакшы көргөн досум ой-боюма койбой жүрөгүнөн чыккан ишенимдин күчүн кара, боппоз теректи кучактап, мен дагы жаагымды жөлөдүм. Терек тамыры менен тамырым туташа түштү. Айдарым желге париктер шуулдап, атам комузун күүлөп жаткандай сезилди! “Уктуңбу, уктуңбу?!” деп көздөрү бойтойгон небереси Имаштыкындай бажырайтып, эми кыйкырды. Жан курбумдун ак жүрөгүнө эшитилген атамдын муңайым доошун укпасам да, ыйык сезимден денем дүркүрөп кетти! “Теректер! Аяш атам эккен теректер! Ал кишинин ак тилектери силерсиңер! Аяш ата, каяктасыз?! Сиз бизди көрүп, угуп атасызбы?!” Досумдун тамагы буулуп, күтүүсүздөн менин көзүмдөн да жашым агып кетти. Теректердин кылда учтарын карамыш болуп, жашымды көрсөтпөйм. Бирок, билдим! Ишендим! Теректердин ыргалган учтарында көк асманды тиреп, кайран атам аяш уулунун эт-жүрөгү эзилип, дили дирилдеп эстеп жатканына ыраазы болуп, алакан жайып, адатынча көлкүп-балкып, арашан булак – ак батасын берип жатыптыр. Бата тирүү дегенге ишендим! Досумдун жоругу көзүмдү ачып, өлүмдүн да өмүрү бар экенин билгизгендей болду!


“Жыл айлантып, айылга барып калам. Алтын-Казык тоосуна бой тирешкен баягы Абдимухтар кучактаган терекке жөлөнүп, кылда учуна карайм. Атамды көрөм... Ак сакалын сылай, “досуңду ала келбедиңби?..” деп жалбырактар шыбырына кошулуп, жакшы көргөн аяш уулун билгизбей сурап турат...


 Жигиттин гүлү, шар аккан суудай жашаган досубуз бүгүн жетимиштин шагына конуп, ылдыйда өмүр даванына кыялап чыгып келаткан бизге, Абдыганы, Абдыкерим, Жаныбектерге, “коркпой чыга бергиле, жетимиштен жер жүзү көрүнөт экен!” деп баягы тамашасын таштабайт. “Айтканың келсин, досум, арыба!” деп коюп, биз дагы тирүүлүктө нарктуу дос күткөнүбүзгө шүгүрчүлүк келтирип, чекебизге жазса тирүүлүктүн мурасы – карылык ырыскысын чогуу таталы деп тилек кылып келебиз.


Абдиламит Матисаков, Кыргыз эл жазуучусу 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн