Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 06:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Автоунаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө тыюу салынды

Автоунаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө тыюу салынды


Автоунаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. 


Өкмөт ушул жылдын март айынын башында да дал ушундай эле чектөө киргизген. Анда мындай тыюу салуунун себеби катары чет өлкөлөрдөн жасалма документ жана мамлекеттик номерлер менен унаа алып келүү фактылары көбөйүп жатканы айтылган. Жыйынтыгында бажы төлөмдөрүн төлөбөй ташылган автоунаалардын саны арбып, акыры аларды легалдаштырууга туура келген. 


Белгилей кетсек, чектөө чаралары өлкөдөгү автоунаа чогулткан ишканаларга колдонулбайт. Өкмөт андай ишканалардан учурда бешөө иштеп жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн