Айдай Карагулова ЕЭКтин Финансы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Карагулова Айдай Нурдиновна 1979-жылы Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Экономика» адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы КР президентине караштуу Башкаруу академиясынын «Мамлекеттик саясат жана башкаруу» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолун 2000-жылы Кыргызстандын Салык кызматында баштап, 2013-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеген. 2013-жылдан 2018-жылга чейин КР өкмөтүнүн аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.
2018-жылы КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2021-жылга чейин иштеген.
2022-жылдан 2025-жылга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразиялык экономикалык биримдиги иштери боюнча эксперти, андан кийин сектор башчысы болуп иштеген.
Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ.
2025-жылдын 14-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы саясаты департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн