Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ромео жана Жульетта" спектакли коюлат

28.08.2023 10:07
1966
Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ромео жана Жульетта" спектакли коюлат


Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар театры Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" спектаклин коёт. Бул туурасында Кыргыз драма театры билдирди.


Мындай иш-чара өлкөнүн эң таланттуу жаш актёрлорунун башын бириктирген музыкалуу-хореографиялык ири долбоор экени белгиленди.


Спектакль 12-13-14-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында көрөрмандарга тартууланат. Күн сайын кечки саат 18:30да башталат.


Режиссёру — КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров.


Бул биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен өтүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн