Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

19.02.2024 13:20
470
Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн 2021-2022-жылдардагы ишинде 472 млн 357 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, сарпталган каражатты эсептөөдө 60 млн сомдон көп мыйзам бузуу аныкталган. Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери 760 миң, 289 миң сом майнаптуу иштетилбегени такталган. Мындан башка да бир топ кемчиликтер бар экени айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн