Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Айылчы Сарыбаев: Улуттук банктын резерви 1-2 жылга туруштук бериши керек

10.04.2020 18:52
1243
Айылчы Сарыбаев: Улуттук банктын резерви 1-2 жылга туруштук бериши керек


Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн жыл башынан бери Кыргызстанда АКШ долларынын расмий курсу 11,92 пайызга жогорулаганын, мындан улам 8 жолу интервенция жасалганын айтып, буга байланыштуу Улуттук банк жалпы суммасы 216,9 млн доллар саттыкка чыгарганын билдирди.


Улуттук банктын мындай аракеттери кыргыз экономикасына канчалык таасир этип жатканы тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевге суроо салдык.  


- Интервенциянын негизги максаты – инфиляциянын алдын алуу, базар баасын жогорулатпоо жана валюта курсун бир калыпта сактоо болуп саналат. Валютабыз көбөйүп кетти, азайып кетти деген сөздөр кээ бир экономиканы түшүнбөгөн саясатчы сөрөйлөдүн кыйкырыктары. Улуттук банк экономикага каршы эч качан иш кылбайт. Интервенцияны баа саясатын кармап калуу аракети менен жүргүзүүдө.


- Учурда дагы да болсо курс бир калыпта сакталып турган жери жок, айрым коммерциялык банктар 1 долларды 85 сомго чейин сатып жиберди. Мындан ары кымбаттабайт деп так кепилдик берген эч ким жок. Кымбаттаган сайын интервенция жасай берсе, Улуттук банктын чамасы канчага жетиши мүмкүн?


- Бул биздин экономикалык саясатабызга жараша болот. Дагы да көтөрүлө бере турган болсо Улуттук банк резервине, өзүнүн алына жараша кайрадан долларды сата берет. Доллардын баасы 85 сомго чейин көтөрүлүп кетип, кайра 76-78 сомго чейин түштү. Бул да болсо Улуттук банктын жүргүзгөн саясаты. Резерв деген атайын ушундай кыйчалыш абал үчүн чогултулган капчык. Бул 1-2 жылга туруштук бериши керек. Валюта курсу 4-5 сомго кымбаттап кайра түшүп турушу кадыресе көрүнүш, башка өлкөлөрдө эки эселеп кыбаттап жатканын көрүп жатабыз. Кудайга шүгүр, Улуттук банк туура саясат жүргүзүп жатат деп ойлойм. Эгерде экономика өнүкпөсө, экспорт азайып, импорт көбөйсө, салык түшпөй калса, коррупция күчөсө, көмүскө экономика көбөйсө албетте Улуттук банк ага туруштук бере албай калат.  

 

- Экономикалык кризис канчага чейин уланышы мүмкүн?


- Муну эч ким так айта албайт, бул коронавируска байланышкан кырдаалдан көз каранды. Валюта рыногундагы үйдө-төмөн кыйчалышка, кошуна өлкөлөрдүн экономикасына, экспорт-импорттун көлөмүнө жараша боло берет. Аны айтыш үчүн өтө кыйын.


- Абал турукташып, мурунку жашоо ритмине кайтып келип, экономика өзүнүн калыбына келүүсү менен доллардын курсу да мурдагы көп жылдан бери сакталып келген 70 сомго түшүшү мүмкүнбү?


- Бул эми рыноктун мыйзамы, баалар бир көтөрүлүп алса, оңой менен түшпөйт, түшсө да аз-аз болушу ыктымал. 70 менен 80 сомдун ортосунда кармалат. Бул өкмөттүн жүргүзгөн экономикалык саясатына жараша. Ушул кризистик кырдаал элдин, бийликтин жана парламенттин каржылык сабаттуулукту түшүнүүсүнө алып келди. Мындан ары кемчилик кетирбей сабак алууга аркет кылыш керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн