Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Аймактарда тигүү цехтерин ачуунун эмне зарылдыгы бар?

16.12.2022 20:54
3222
Аймактарда тигүү цехтерин ачуунун эмне зарылдыгы бар?


Бүгүнкү күндө тигүү тармагынын 60 пайызга жакыны Бишкек шаарында жайгашкан. Адистердин жетишсиздигинен улам алар толук кубаттуулукта иштебей калууга аргасыз болуп жатышат.

Ошол эле учурда аймактарда жумуш орундары жетишсиз болуп, эл эмгек ми грациясына
кетүүгө аргасыз болушуууда. Жер-жерлерде тигүү цехтерин куруп, ишке киргизүү менен бул маселени чечүүгө болот.

Биз ишти эмнеден баштадык?

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна тигүү фабрикасын ачып, алгач жумуш тапкысы келгендердин бардыгына тигүүчүлүк өнөрдү үйрөттүк. "Бугу" фабрикасында азыртан эле иш баштоого даяр адистер бар.

Азыр Россиянын рыногу Кыргызстан үчүн ачык. Демек, биз даяр кийимдерди жана текстиль буюмдарынын түрлөрүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашыбыз керек.

Ошол эле учурда улуттук статистикалык комитет былтыркыга салыштырмалуу тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 5 пайызга гана өскөнүн маалымдоодо, бул өтө төмөнкү көрсөткүч!

Бизде бул тармактын алдыңкы сабында болууга бардык шарттар бар.

Аймактарда тигүү цехтерин жер-жерлерде ачуу Кыргызстандын экономикасы үчүн бир нече маселени бир убакта чечет.


Рахат Жунушбаева, жеке ишкер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн