Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын”

27.04.2024 12:47
244
Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын”


- Айсулуу Турусбековна, депутат Тазабек Икрамов Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясындагы мүчөлүк ордун сизге бошотуп берерин билдирди. Кесиптешиңиздин мындай мырзалык мамилесине кандай баа бересиз?


- Мен Тазабек Икрамовичке абдан ыраазымын. Чынын айтсам, мындайды күткөн эмесмин. Тазабек мырза айымдарды өзгөчө сыйлаган, урматтаган кишилердин бири. Тилекке каршы, башка кесиптешимен андай сунуш болгон жок. Бирок ага карабай, арабызда джентльмендер көп экенин Тазабек Икрамович дагы бир жолу тастыктап койду.


- Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы аябай абройлуу уюм. Депутат катары бул уюмдан эмнелерди үйрөнсө болот деп ойлойсуз?


- Парламенттер бири-бири менен тыгыз иштегенде, биринчиден, бири-биринин мыйзамдарын үйрөнгөнгө шарт түзүлөт. Бизге салыштырмалуу алардын мыйзамдары жакшы болсо, өздөштүрүп, мыкты долбоорлорду кабыл алсак болот. Баарлашуу, депутаттык тажрыйба бөлүшү – бул өтө керек нерсе. Түркияда айымдарды, балдарды сыйлоо өзгөчө. Айтор, үйрөнө турган нерселер аябай көп.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн