Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айсулуу Тыныбекова: Адам атактуу болобу-болбойбу баары бирдей мамилеге татыктуу

27.11.2023 10:29
748
Айсулуу Тыныбекова: Адам атактуу болобу-болбойбу баары бирдей мамилеге татыктуу


Грэк-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Кыргызстанда "алтын кыз" атанган Айсулуу Тыныбекова "Т-Медиага" конокто болуп, жашоо тууралуу маек берген.

- Айсулуу, сиз сезимталсызбы?

- Мен негизи эмоциямды сыртка чыгара бербейм. Өзүмдү кармап жүрөм. Эмоциямды кармай албай калган учур бул 2021-жылы Токио олимпиадасы оюндары болду десем болот. Канча жылдан бери күн сайын, жыл сайын өзүмдү кармап жүргөм. Бирок бардык кыргызстандыктар, бүткүл дүйнө жүзү көргөндөй эле олимпиада оюндарынан алтын байгеге салгылашып жатып тилеке каршы, күмүш байгеге ээ болуп калгандан кийин дароо эле ызаланып, ыйлап кеткем. Бир күн көз жашым токтобой койду. Өзүм бошошуп кеттим. Ошол учурда карманайын десем да кармана албай ыйлап, анан социалдык тармака кирип кыргызстандыктардын колдоосун көрүп, анан көз жашым токтоду.

- Көп ыйлайсызбы?

- Аял киши болгондон кийин кээде болор-болбос нерсеге деле көңүлүм чөгүп калган учурлар болуп калат. Мен ойлойм, бул жашоодо ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн күрөшөт. Мен ыйлаганымы көчөдө же элдерге көрсөтпөйм. Мен өзүмчүлмүн. Кандай нерсе болбосун мен аны элге жарыя кылбайм. Башка адамдар бар го, кыйналып жатканда адамдарга айтып, бугун чыгарып жеңилдеп алышат. А мен болсо тескерисинче өзүмүн бөлмөмөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй жалгыз болом. Бул абалым эң көбү  эки күнгө созулушу мүмкүн. Анан мен өзүмү колго алып, кайра максатыма, жашоомо кайтам. Негизи оор күндөр аябай көп болот. 

- Кайсы мүнөзүңүз өзүңүзгө жакпайт?

- Жашоомо кичине тоскоолдук кылган мүнөздөрүмүн бири бул- бетке айтуу. Анткени көп адамга бетке айткан жакпайт экен. Мен ошону кичине кезимде байкабайт экен элем. Аны чоңойгондо билдим. Мен кичинемден өзүмүн оюму, пикирими эркин айтып чоңойгонмун. Анкени биздин үй-бүлөбүздө ошондой тарбия болгон. Анан кээ бир учурда мен өзүмүн жеке пикирими бирөөгө айтсам, ага жакпай калган учурлар болот. Ошого ушул мүнөзүм кичине жакпай кетет. Бирок кээде өзүмө "ушул мүнөзүң үчүн Айсулуу Тыныбековасың" деп калам. Бирок көп учурда мага бул мүнөзүмүн залакасы көп тиет.

- Гендердик стреотиптерге кабылдыңыз беле?

- Албетте. Мен спорттук карьерамды баштаган күндөн баштап эле "Спорт кыздар үчүн эмес, сенден эч нерсе чыкпайт" деп аябагандай жаман сөз, жаман ойдун артынан жеттим десем болот. Негизи кайсы тармакты тандаба сени жакшы көргөн, жаман көргөндөр да болот. Адамдар биз бири-бирибизден жакшы сөздү көп аяйбыз. Адам бир нерсени максат кылып, ошого жеткени аракет кылып жатса, биз ага колдоо көрсөткөндүн ордуна бут тосуп, тоскоол болобуз. Жаман сөздөрүбүздү жакшы сөздөргө алмаштырып колдоо көрсөткөн сонун да. Кээде болот мисалы, менде "Эрге тийбейби эмне кылып жүрөт" дешкендер бар. 

- Башка улуттагы жигитке турмушка чыгышыңыз мүмкүнбү?

- Чынын айтсам муну мен такыр ойлонуп көрбөпмүн. Маңдайыңа ким жазыларын ким билет эле. Сүйүп калышың мүмкүн. Бирок албетте, кыргызга тийгим келет. 

- Бирөөнүн сөзү сизге оор тийип, көңүлүңүз чөккөн кез болду беле?

- Менин жашоомдо ушул күнгө чейин жүрөгүмө катуу тийген сөздөрдү уккан көп эле учурлар болгон десем жаңылышпайм. Ал учурда мен эле жабыркап, менин эле көңүлүм ооруп жапа чегем. Демек, чоңойгон сайын, акыл эсиң өскөн сайын ойлонуп, мындай сөздөргө маани деле бербей калат экенсиң. Мисалы, мен бир адам аракет кылып жатса мен бир гана сүйүнөм. Бирөөгө жакшы пикир жазып, айта албасам да ичимен аябай сүйүнөм. 

- Сиз үчүн адамдагы эң маанилүү сапат кайсы?

- Биринчи эле мен үчүн адам өйдөдө жүрөбү, ылдыйда жүрөбү адам бойдон калып, баардыгына адамгерчилүктүү мамиле кылса дейм. Мисалы, менин деле сөөгүм алтындан эмес, же менин сөөгүм башкача бир кымбат сапаттуу металдан эмес. Баардыгыбызда эле бирдей жүрөк, бирдей клеткалар бар. Ички органдарыбыз баарыбыздыкы окшош. Адам бул дүйнөдө кандай орунду ээлебесин адам бойдон калуусу керек. Анкени кээ бир учурларды мени тааныбай калып эле түртүп жеберип, орой сүйлөп калышат. Анан мени таанып калгандан кийин дароо өзгөрүү, кайра кечирим сурап, башкача мамиле кылып калышат. Мен ошого капа болом. Анткени адам атактуу болобу же болбойбу баары бирдей мамилеге татыктуу. Биз баарыбыз бирдейбиз.     

Булак: t-media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн